Бүгүн футбол боюнча Европа чемпионаты башталат, бул жолкусу Францияда өтөт. Kloop.kg тайпалык беттештердин алгачкы жумасындагы оюндардын жүгүртмөсүн жарыялайт.

Жылдын футбол боюнча чемпионат өтө турган мезгили  — демек жакынкы айда кечкисин фанаттар топтолушуп, «Твиттер» лентасы тажатма ураандарга толуп, а улуттук курамалардын мерчендайзынын сатылуусу асманга чейин жетет.

Футбол боюнча 2016-жылкы чемпионат — 15-жолу өтүүдө жана ал мелдештин тарыхындагы эң ириси болуп эсептелет. Анткени быйыл чемпионатка 24 команда катышат жана алардын айырмдары үчүн бул алгачкы чоң мелдеш болуп калат. Уэльс, Түндүк Ирландия, Исландия, Албания жана Словакия буга чейин Еврого таптакыр чыгып көрө элек курамалар. Бирок айрым фавориттер тескерисинче, чемпионатка илинбей калышты — ФИФАнын рейтингинде 14-орунду ээлеп турган Нидерланды курамасы тандап алуу оюндарында мелдештин финалдык бөлүгүнө өтө албай калган.

Голландия оюнчулары — бул жылы мелдешке катышпай калган жалгыз жылдыздар эмес. Жараат алып калгандыктарына байланыштуу Германия курамасынан Илкай Гюндоган менен Марко Ройс, Орусия курамасынан Алан Дзагоев менен Игорь Денисов, Испания курамасынан Даниэль Карвахаль, Бельгия курамасынан Венсан Кампани, Италия курамасынан Марко Веррати менен Клаудио Маркизио жана Португалия курамасынан Фабио Коэнтрао Евро-2016га катышышпайт.

Чемпионат 10-июндан 10-июлга чейин Франциянын он шаарында өтөт. Алгач курамалар үч аптага созула турган тайпалык оюндарды беттешишет, андан соң плейофф оюндарында — ⅛, ¼, ½ финалдарда жана финалдын озүндө беттешишет.

Төмөндө тайпалык оюндардын алгачкы жумасындагы беттештердин жүгүртмөсү Бишкек убактысы боюнча көрсөтүлдү. Кыргызстанда чемпионаттын оюндарын КТРК жана НТС каналдары көрсөтөт.

Ишемби, 11-июнь:

А тайпасы: Франция — Румыния 01:00

А тайпасы: Албания — Швейцария 19:00

B тайпасы: Словакия — Уэльс 22:00

Жекшемби, 12-июнь

B тайпасы: Англия — Орусия 01:00

D тайпасы: Түркия — Хорватия 19:00

С тайпасы: Польша — Түндүк Ирландия 22:00

Дүйшөмбү, 13-июнь

C тайпасы: Германия — Украина 01:00

D тайпасы: Испания — Чехия 19:00

E тайпасы: Ирландия — Швеция 22:00

Шейшемби, 14-июнь

Е тайпасы: Бельгия — Италия 01:00

F тайпасы: Австрия — Венгрия 22:00

Шаршемби, 15-июнь

F тайпасы: Португалия — Исландия 01:00

Сүрөттүн булагы