2017-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) кыргызстандыктарга микрочиптери менен жаңы паспортторду даярдайт, аларда жарандын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган жери тууралуу маалыматтар жок болот.

Жарандардын улуту, үй-бүлөлүк абалы жана жашаган жери көрсөтүлбөгөн жаңы паспорттор кыргызстандыктарда 2017-жылы пайда болот. Бул тууралуу Kloop.kgге Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

Анын айтымында, жаңы кыргыз паспорту анын ээсинин сүрөтү жана аты-жөнү камтылган кадимкидей карточкадай көрүнүшкө ээ болот, а калган маалыматтар ар бир картага орнотула турган микрочиптерде сакталат.

«Учурдагы паспорттордо дареги, үй-бүлөлүк абалы, улуту көрсөтүлгөн — алар карточканын өзүндө жазылган. Ал эми биометрикалык IDде алар чиптин өзүндө сакталат, ал маалыматтар паспорттун өзүндө көрүнбөйт», — деди ал.

Негизги маалыматтардан сырткары чип айдоочулук күбөлүккө, пенсиялык китепчеге, социалдык камсыздандырууга жана банк эсебине байланат.

Эржигитов чиптер орнотулган паспорттор жогорку деңгээлдеги коргоого ээ экенин, анткени андагы маалыматтарды мамлекеттик органдардын өкүлдөрү гана окуй алышарын билдирди.

Анын айтымында, паспорттун андай түрлөрү дүйнөнүн 188 өлкөсүндө пайдаланылат жана Кыргызстан ал өлкөлөрдүн бири болуп калат.

«Ал абдан сонун паспорт. Ал таптакыр башка, электрондук муундагы паспорт. Бардык өнүккөн өлкөлөр [ошондой үлгүгө] өтүп жатышат, бардык нормалдуу өлкөлөр менен адамдар өтүп жатышат деп айтса болот» — деди ал.

«Прецедент» юридикалык компаниясынын директору Фатима Якупбаева Kloop.kgге МККнын демилгесине жакшы көз карашта экенин айтты.

«Эгер андай демилге бар болсо жана бардыгынын бирдиктүү документте болуусу үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүү максатында сунушталып жатса, анда ал негизинде жакшы демилге», — деди ал.

Анын пикиринде, эң башкысы — жаңы эрежелер жарандын макулдугу менен киргизилиши керек.

«Ал чипте белгилүү бир сандагы документтер бар болот жана анын баары жарандын макулдугу менен болушу керек. Эгер анын баары мажбурлоо жолу менен болсо жана негиздүүлүгү түшүндүрүлбөсө, анда албетте анын баары мыйзамсыз болот», — деди ал.