9-июнда парламент балдарга карата зомбулук көрсөтүү жана аларды кемсинтүү үчүн каралган жазаны катаалдатууну сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Депутаттар балдарга ырайымсыз мамиле кылуу үчүн каралган кылмыш жоопкерчилигин катаалдатууну сунуштаган мыйзам долбоорунун кабыл алынышын бир добуштан колдошту.
«Ата-Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова тарабынан сунушталган мыйзам долбоору биринчи окууда 9-июнда кабыл алынды.
Документ Кылмыш кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизет жана жашы жете электердин үстүнөн кылмыш кылуу үчүн жазалана турган адамдардын чөйрөсүн кеңейтет. Алардын катарына ата-энелер, педагогдор, мугалимдер, дарыгерлер жана балдарга кам көргөн адамдар кирет.
Балдарды кемсинтүү, аларга зомбулук көрсөтүү жана өз жанын кыюуга чейин жеткирүү үчүн келтирилген зыяндын оордугуна жараша чоң кишилер үч жылдан жети жылга чейин эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.
Долбоордун демилгечиси Аида Салянова Kloop.kgге курган маегинде мыйзам өзүнүн алсыздыгынан улам «чоңдорго жооп бере албаган» балдарды коргой турганын айтты.
«Мыйзам долбоору балдарга карата зомбулук көрсөтүү жана аларды кемсинтүү үчүн жазалар чоңдорго зомбулук жасоо үчүн каралган жазадай боло албай тургандыгы менен маанилүү. Балдар алсыз, алар чоңдорго жооп бере алышпайт»,— деди ал.
Психотерапевт Аида Парпиева балдарга карата жасалган зомбулукка каршы күрөшүү үчүн мыйзамдын кабыл алынышы жетишсиз деп эсептейт. Ал мамлекеттик түзүмдөрдө «коррупциянын деңгээли жогору» болгондуктан, ал үчүн жалпы коомчулуктун катышуусу керек экенин белгиледи.
«Аларды жумушу боюнча, же жашаган жери боюнча күн сайын көрүп жүргөн дарыгер дагы, педагог дагы, коңшусу дагы, классташтарынын ата-энелери дагы, аймактык милиция тескөөчүсү дагы, жергиликтүү коомчулук дагы балдар менен эмне болуп жатканына көңүл буруусу зарыл», — деди ал.
Балдарга карата зомбулук көрсөтүү үчүн жазаларды катаалдатуу жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга 2016-жылдын 20-январында алынып чыккан.
Демилгечи Аиды Салянованын айтымында, мындай зарылчылык акыркы жылдары көп кездешип жаткан балдарга зомбулук көрсөтүү учурларынан улам келип чыккан.
«2014-жылы жашы жете элек балдарга карата 909 кылмыш жасалган. Алардын ичинен 10 бала каза болгон, 13үнүн ден соолугуна катуу зыян келтирилген, 66сы зордукталган жана 17си сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерине дуушар болушкан», — деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме маалымкатта.
Андай учурлардын бири 2015-жылдын январында болгон. Анда көгала болуп, оозу айрылган эки жаштагы бала ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер бала туугандары тарабынан «катуу сабалганын» билдиришкен, бирок туугандары бала жыгылып кеткенден кийин жараат алганын айтышкан.
Дагы бир учур 2016-жылдын февралында болгон. Анда үч жаштагы баланын апасы Бишкектеги бала бакчанын тарбиячысы баласынын «кулактарын чойгонун» билдирген.
«Балам бала бакчасына октябрда барып баштаган. Канча бир убакыттан кийин анын кулактарындагы көгөргөн жерлерин байкай баштадым. Ал келип: «Апа, мени эже уруп, кулагымды чоюп атат» деп ыйлады», — деп билдирген ал Kloop.kgге курган маегинде.