Жалал-Абад мэриясы Ленин көчөсүн кеңейтүү үчүн 38 короо менен турак жайларды бузууда. Бийлик үйлөрү «мыйзамсыз» курулгандыктан улам тогуз үй-бүлөгө компенсация төлөп бербейт.

Муниципалдык кызматтардын жумушчулары Жалал-Абаддын Ленин көчөсүндөгү үйлөрдү 3-июнда бузуп башташкан. Калаа башчысы Салайдин Авазов Kloop.kgге шаар бийлиги мындай чечимди көчөнү 500 метрге кеңейтүү үчүн 2010-жылы кабыл алганын билдирди.

snos-domov_JA_4-min-1068x600

План боюнча, шаар бийлиги жол жээктериндеги электр мамыларды, 38 короону жана турак жайларды бузуп, алардын ээлерине компенсация төлөп берет. Бирок Авазовдун айтымында, алардын ичинен тогуз үй-бүлө компенсация ала алышпайт.

«Алар мэрия акча төлөп бербеш үчүн түрдүү себептерди ойлоп чыгууда деп ойлоп жатышат, бирок биз документтерин карап чыкканыбызда алардын мыйзамсыз курулуштар экени аныкталды — алардын үйлөрү муниципалдык жерге курулган», — деди ал.

snos-domov_JA_2-min-1068x601

Шаар тургундарынын бири Мавлян Саипов Kloop.kgге курган маегинде өмүр бою Ленин көчөсүндө жайгашкан үйдө жашап келгенин жана анын тыюу салынган жерге курулганын билбегендигин айтты. Ал мэрия үйдү бузуу иштерин анын макулдугусуз эле баштаганын кошумчалады.

«Алар келип эле менин үйүмдү эртесу бузуп салышты. Менин колумда макулдугум тууралуу эч кандай документ да жок. Алар аны жердин муниципалитетке тиешелүү экендиги менен түшүндүрүштү. Бирок мен бул жерде өмүр бою жашап келе жатам да. Анын кантип муниципалдык болушу мүмкүндүгүн түшүнбөй турам», — деди ал.

snos-domov_JA_5-min-1068x601

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун кызматкери Гүлгаакы Мамасалиева бийлик мыйзамды бузду деп эсептейт, анткени алар компенсация көлөмүн макулдашышкан эмес жана жашоочулар менен келишим түзүшкөн эмес.

«Сүрдүрүүнүн этабы боюнча жарандар баага макул болгондо келишим түзүлүп, эки тараптан кол коюлушу керек эле. Анан шаар бийлиги бузула турган короо ээлеринин эсебине акча которуп берген соң гана сүрдүрүүгө барыш керек болчу. Бул жерде макулдук да, акча да жок», — деген ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Буга чейин үйлөрдүн ээлери жергиликтүү бийликтин аракеттерине карата нааразычылыктарын билдиришкен — алар расмий кайрылуу жазышкан, бирок мэриядан Kloop.kgге жашоочулардан даттануу болбогонун айтышты.

Мэриянын маалыматы боюнча, компенсация көлөмү бир чарчы метр үчүн 1000 сомду түзөт.

snos-domov_JA_1-min-1068x600

«Адилеттүүлүк» укук коргоо уюмунун юристи Равшанбек Абдуллаев Kloop.kgге мэрия үйлөрдү сүрдүрүү иштерин жашоочулардын нааразычылыктарына карабастан баштаганын айтты.

«Азыркыга чейин жашоочулардын эч кимиси компенсация алыша элек. Акча төлөп бербей туруп үйлөрдү бузуу мыйзамсыз» — деди ал.