Американын Орландо шаарындагы окуя 12-июнь күнү түн ичинде болду — белгисиз адам гей-клубдардын биринде ок чыгарды. Анын жыйынтыгында 50 киши каза болуп, дагы 53ү жараат алышты. Kloop.kg ал окуя тууралуу белгилүү болгон нерселердин бардыгын бир материалга топтоду.

Кыскача:

— 12-июнда белгисиз адам Флорида штатынын Орландо шаарындагы гей-клубда ок чыгарды;

— Анын жыйынтыгында 50 киши каза болуп, дагы 53ү жаракаттарды алышты;

— Флорида бийлиги окуяны теракт деп атады;

— Ал окуя үчүн жоопкерчиликти террористтик «Ислам мамлекети» уюму өзүнө алганы кабарланууда, бирок АКШ бийлиги ок чыгарган адамдын согушкерлер менен болгон байланыштарын ырастай элек;

— Полиция клубга кол салган адамдын аты-жөнүн жарыялады — ал Флориданын 29 жаштагы жашоочусу Омар Саддики Матин болуп чыкты.

Кененирээк:

Американын Флорида штатынын Орланда шаарындагы окуя 12-июнда болду — белгисиз адам 300гө жакын адам бар болгон «Pulse» деген гей-клубда ок чыгарган.

Анын жыйынтыгында 50 киши каза болду, деп билдирүүдө Би-би-си. Басылманын маалыматы боюнча, дагы 53 киши жараат алып, ооруканага жеткирилишкен.

160612222642-12-orlando-reaction-super-169

Алгачкы ок атуулар түнкү саат экилерде болгон. Клубдун коопсуздук кызматкери жооп кылып ок чыгарган, бирок кол салган адам имараттын ичине кирип, андагы адамдарды барымтага алып алган. Би-би-синин маалыматы боюнча, ал винтовка жана жарылуучу заттар менен куралданган.

Окуя болгон жерге полиция менен укук коргоо органдарынын атайын багыттагы бөлүмүнүн кызматкерлери барышып, клубдун эшигин брондолгон унаа менен сүзүп ачышып, кол салган адамды атып өлтүрүшкөн.

Флорида бийлиги кол салууну террордук акт катары баалады. «Рейтер» басылмасынын маалыматы боюнча, гей-клубдагы ок атууга дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстан менен АКШда да террористтик деп табылган «Ислам мамлекети» уюму жоопкерчилик алды.

160612222721-13-orlando-reaction-super-169

NBC телеканалы билдиргендей, ок аткан адам кол салуунун алдында 911 кызматына телефон чалып, «Ислам мамлекетине» берилгендигин айтып ант берген. Бирок АКШ бийлиги азырынча ок чыгарган адам менен уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды ырастай элек.

Кол салган адамдын тек-жайы

Би-би-си укук коргоо органдарына шилтеме жасоо менен кол салган адам Флоридада жашап, G4S күзөт кызматында иштеген АКШнын 29 жаштагы жараны Омар Саддики Матин болгонун билдирди.

ФБРдин агенти Рональд Хоппер буга чейин Матин террорчулар менен байланышы жөнүндө айтканын, бирок полиция ал маалыматты ырастай албаганын билдирди.

«ФБР алгачкы жолу Матинге 2013-жылы, качан ал жумуштагы кесиптештери менен болгон сүйлөшүүсүндө террорчулар менен байланышы бар экенин айткандан кийин көңүл бурган», — деп жазды Би-би-си ФБР агентинин айткандарын.

Кол салуудан кийин Омар Саддики Матин иштеген G4S күзөт кызматынын башкы директору өзүнүн твиттер-аккаунтуна кылмыш жасалган маалда кызматкери кызматта болбогонун жазды.

«Биз Орландодогу түнкү клубда болгон трагедиялуу окуяны угуп дендароо болуп калдык. Омар Матиндин G4Sте 2007-жылдын 10-сентябрынан бери иштеп келгенин ырастайбыз. Биз укук коргоо органдары менен, анын ичинде ФБР менен да кызматташып жатабыз», — деп жазды Жон Кеннинг.

Каза болгондорго аза күтүү

Орландодогу ок атуудан кийин Википедияда Орландадо болгон окуя каза болгондордун саны боюнча 2001-жылдын 11-сентябрынан берки  «эң масштабдуу террордук акт болгону» жазылган макала пайда болду.

АКШ президенти Барак Обама 16-июнга чейин созулчу расмий аза күтүү жарыялады. Ал бардык штаттарда мамлекеттик желектерди төмөн түшүрүүнү буюруп, демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтонду колдогон шайлоо алдындагы митингге барбоо чечимин кабыл алды.  

Флоридада жана башка штаттарда жашоочулар мемориал уюштурушуп, ага гүлдөр менен шамдар коюлуп жатат. Каза болгондорду эскерүү үчүн Бразилиянын Сан-Пауло шаарынын борборуна адамдар чогулушту.

160612192213-01-orlando-reaction-0612-super-169

Италиянын ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү менен тарапташтары Колизейде аза күтүү иш-чарасын уюштурушту. Францияда каза болгондорго аза тарткандар асан-үсөн түстүү желектер менен көчөлөргө чыгышты.

Твиттер колдонуучулары #loveislove деген хэштег менен кайгыга ортоктош экендиктерин билдиришүүдө. Учурда андагы билдирүүлөрдүн саны 136 миңге жетти.

Дүйнө коомчулугунун реакциясы

Президенттикке талапкер Дональд Трамп окуяны «ислам терроризминин сезилиши» деп атады. Бул тууралуу ал өзүнүн твиттер-аккаунтуна жазды.

Түркиянын премьер-министринин орун басары Мехмет Шимшек терроризм «динди дагы, ишенимди дагы, расаны да» билбей турганын айтты.

«Мен Орландодогу терактты айыптайм — биз көрүп жаткандай терроризм динди дагы, ишенимди дагы, расаны да билбейт», — деп жазды ал.

Ооганстан президенти Ашраф Гани кол салууну «коркок террордук акт» деп атады.

«Орландодогу өтө жаман жана кечиримсиз кылмышты кескин айыптайм. Ал коркок террордук акты болду. Ал окуяда жараат алгандардын бардыгы үчүн сыйынабыз», — деп жазды Гани өзүнүн твиттер-аккаунтуна.

Франция президенти Франсуа Олланд Флоридадагы массалык өлтүрүүнүн «кыйроолорун айыптай турганын» жана «мындай оор учурда Франциянын, анын жарандарынын атынан АКШга жана бүтүндөй америкалыктарга колдоосун билдирээрин» айтты.

Сүрөт: CNN