Экономика жана тынчтык институту коопсуздуктун деңгээли боюнча 163 өлкөнүн рейтинги жазылган отчётун жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан — Борбордук Азиядагы «эң кооптуу» өлкө болуп чыкты.

Экономика жана тынчтык институту жыл сайын коопсуздуктун камсыз кылынгандыгынын деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтингин түзүп, отчёт жарыялайт. Глобалдуу тынчтык индексинде быйыл Кыргызстан 163 өлкөнүн ичинен 124-орун алды.

Институттун маалыматы боюнча, рейтингди түзүү үчүн 23 индикатор эске алынган, алардын арасында зомбулук деңгээли, саясий туруктуулук, коңшу өлкөлөр менен болгон мамилеси, терроризмдин таасири жана кылмыштуулуктун деңгээли бар.

Отчётко ылайык, Кыргызстандагы коопсуздуктун деңгээли Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө (Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан) караганда төмөн.

Картада каралжын жашыл түс менен коопсуздугу жогору болгон өлкөлөр көрсөтүлгөн. Коопсуздук деңгээли төмөн болгон өлкөлөр сары жана кызыл түстөр менен белгиленген.
Картада каралжын жашыл түс менен коопсуздугу жогору болгон өлкөлөр көрсөтүлгөн. Коопсуздук деңгээли төмөн болгон өлкөлөр сары жана кызыл түстөр менен белгиленген.

Алсак, коопсуздугу боюнча Казакстан Кыргызстандан 50 сап жогоруда турат жана 74-орунга жайгаштырылган, а Тажикстан Кыргызстандан болгону 2 гана тепкичке ашып, рейтингдин 122-сабына жазылган.

Отчётто акыркы жылы өлкө өз позициясын начарлаткандыгы жазылган — 2015-жылы Кыргызстан дүйнө индексинде 121-орунда болчу.

Коопсуздук кеңешинин катчысы жана УКМКнын мурдагы башчысы Токон Мамытов буга чейин өлкөдөгү коопсуздукка Сирия менен Ооганстандагы абал жана экстремисттик «Ислам мамлекети» уюмунун ишмердүүлүгү таасир эте тургандыгын айткан.

«Сирия менен Ооганстандагы абал Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна түздөн-түз таасир этет, анткени биздин өлкө «Ислам мамлекетинин» таасири менен кызыкчылыктарынын аймагында жайгашкан», — деп билдирген ал 2015-жылы Борбордук Азиядагы коопсуздук боюнча өткөн жыйында.

Институттун отчётуна ылайык, Сирия — дүйнөдөгү эң коопсуз эмес өлкө. Куралдуу кагылышулар болуп жаткан Ооганстан, Ирак жана Түштүк Судан өлкөлөрү да рейтигде төмөнкү көрсөткүчтөргө ээ.

2014-жылдан бери куралдуу жаңжалдар (өлкөнүн чыгышында) болуп жаткан Украина да тизменин төмөнкү саптарында — 156-орунда.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Экономика жана тынчтык институтунун отчётунун жыйынтыктары менен макул эмес экенин билдирди. Ал Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстан терроризмден алыс экенин жана салыштырмалуу тынч өлкө болуп эсептеле турганын айтты.

«Мен бул отчёт менен макул эмесмин, анткени Кыргызстан — тынч өлкө. Башка өлкөлөр бизди жаман жагынан көрсөтүүгө аракет кылып жаткандай сезилүүдө. Мен Кыргызстан жыл өткөн сайын гүлдөп өнүгүп бара жатат деп эсептейм. Анан да биздин өлкө Евразиялык биримдикке кирип, башка мамлекеттер менен өз ара жакшы кызматташууда. Тынчсыздануу үчүн эч кандай көйгөй жок, силер көчөдө басып жүрөсүңөр го жана силер менен эч нерсе болбой эле да», — деди ал.

Глобалдуу тынчтык индекси 2007-жылдан бери чыгарылып келет. Ал Тынчтык институтунун, ошондой эле Сиднейдеги Тынчтык жана жаңжалдарды изилдөө борборунун социологдору, экономисттери жана эксперттердин эл аралык тобу тарабынан иштелип чыккан.

Рейтингди кошумча индикаторлордун жоктугу үчүн сындап келишет. Америкалык антрополог жана социолог Риан Айслер анда аялдарга карата көрсөтүлгөн зомбулук деңгээли сыяктуу көрсөткүчтөрдү эске алуу керек деп эсептейт.

2016-жылы эң коопсуз жана тынчтыкты сүйгөн өлкөлөрдүн алдыңкы ондугуна Дания, Австрия, Жаңы Зеландия, Португалия, Чехия, Швейцария, Канада, Жапония жана Словения кирген. Рейтингдин сап башына былтыркыдай эле Исландия жазылган.

Экономика жана тынчтык институтунун маалыматы боюнча, 2015-жылга салыштырмалуу тынчтык индексинин деңгээли быйыл 0,53 пайызга төмөндөгөн.