13-июнда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандын аймагында ЖМК уюштуруучусу болуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды.

Чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандын аймагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусу болуусуна тыюу салган мыйзам долбоору 13-июнда каралды.

Социалдык маселелер боюнча парламенттик комитет «маалыматтык мейкиндикти көзөмөлдөшү» керек болгон документти жактырды. Азырынча ал үч окуунун бирөөсүндө да добуш берүүгө алынып чыгарыла элек.

«Бирок цензурага каршы күрөшкө шылтоо кылып, (ЖМКлар жөнүндөгү) мыйзамга өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинин коопсуздугун жөнгө салуучу абдан зарыл ченемдер, сөз жана маалыматты таратуу эркиндиги жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдери киргизилген эмес», — деп жазылган документке тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары Орусия менен Казакстандагыдай чет өлкөлүк каржылоонун үлүшүн азайтуулары керек — аларга уставдык капиталынан 20 пайыз ашык болгон чет өлкөлүк каржылоо алууга тыюу салынат.

Комитет жыйынында маданият жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова тыюу «Азаттык» радиосу менен «Мир» телеканалына тийиштүү болушу мүмкүндүгүн айтты.

«Биз ал саясатка кийлигишүү укугуна ээ эмеспиз. Бирок жарандар билиши керек. Биз түрдүү учурларга туш болобуз, ал мамлекеттик коопсуздукка да тиешелүү», — деп жазды «АКИпресс» агенттиги анын айткандарын.

«Кыргызстан» фракциясынан депутат Таалайгүл Исакунова ЖМК жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аларды кайрадан каттоодон өтүүгө мажбурлап, сөз эркиндигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

«Бул алардын жоюлуусуна алып келиши мүмкүн. Республика үчүн сөз эркиндиги маанилүү», — деди ал парламент комитетинин жыйынында.

Долбоордун демилгечилеринин бири, «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Таабылды Тиллаев Kloop.kgге курган маегинде мыйзам долбоору сөз эркиндигине терс таасир этпей турганын айтты.

«Бул мыйзам долбоору тыюу салбайт, а демөөрчүлөр менен жоопкерчиликти чектейт. Интернет-басылмалардан башка бардыгына тиешелүү болот. Бул сөз эркиндигин чектебейт. Жөн гана эл ээсинин ким экенин билиши керек — балким чет өлкөнүн жараныдыр, а мүмкүн кайсыл бир террорчудур. Бул өлкөнүн коопсуздугу үчүн», — деди ал.

«Азаттыкка» каршы мыйзам долбоору

960B75C5-17B9-42C1-9491-4034B6993C12_cx0_cy13_cw0_w987_r1_s_r1

«Медиа полис институтунун» башчысы Бегайым Үсөнова ЖМК жөнүндөгү мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр АКШнын конгресси тарабынан каржыланган эл аралык «Радио Свобода» басылмасынын кыргыз редакциясы эсептелген «Азаттык» радиосуна багытталган деген пикирде.

«Мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкатта демилге маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн керек экени жазылган. Демек, биздин өлкөдө ал максаттарга жетүү үчүн болгону «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн чектөө зарылбы?» — деп жазды ал.

«Көптөгөн жылдар бою коомдук мааниге ээ маселелерди, анын ичинде коррупция көйгөйлөрүн чагылдырып, мамлекеттик маанидеги чечимдердин кабыл алынгандыгы тууралуу айтып берип, кичинекей кишиге өз көйгөйлөрүн айтуу мүмкүндүгүн берип, анын үнүн жогорку кызматтардагы чиновниктерге жеткирип келген «Азаттык» радиосу өлкөбүздүн өнүгүүсүнө тоскоол болуп жатыптыр да?» — деп уланткан юрист.

Үсөнова Юстиция министрлиги мыйзам долбоорунун кайсыл жалпыга маалымдоо каражатына тийиштүү болушу мүмкүндүгүн 24-июнда билдириши керектигин жазды.

«Өлкөнүн 2013-2017-жылдар аралыгындагы туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, маалыматтык саясаттын башкы принциптеринин бири болуп маалыматка жетүү мүмкүндүктөрү менен камсыз кылуу жана өлкөнүн глобалдык маалыматтык мейкиндикке кирүүсү эсепте турганын эске алсак, анда демилге убакыттын талабына туура келбегендей болуп калууда», — деп жазды ал.

ЖМК жөнүндөгү мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга 13-майда алынып чыгарылган.

Анын демилгечилери — КСДП жана «Республика — Ата-Журт» фракцияларынын депутаттары — өз сунуштарын ЖМК жөнүндөгү учурдагы мыйзамда маалыматтык коопсуздукту карай турган беренелердин жок экендиги менен түшүндүрүшкөн.

«Медиа полис институту» коомдук фондунун эксперттери мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү 2014-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алган өзгөртүүлөрдү кайталай турганын билдиришкен.

«Мыйзам тарабынан сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн «ЖМК жөнүндөгү» Орусиядагы ушуга окшогон эле мыйзамды толугу менен кайталай турганын жана биздин мыйзамга ыңгайлашпаганын, өлкөбүз үчүн зарыл эмес болуп эсептеле тургандыгын белгилеп кетүү зарыл», — деп жазышкан алар өз кайрылууларында.

Авторлор: Эльдияр Арыкбаев, Айжамал Мураталиева, Александра Титова