«Пикирлер» бөлүмүнө жарыяланган материалдар Kloop.kgнин позициясы менен дал келбеши мүмкүн.
Орландодогу гей-клубга кол салуу үрөй учурчу окуя. Мен анда эмне болгондугунун майда-чүйдөсүнө чейин жазып отурбайм, бул колонка окуянын кандай болгондугун билгендерге.
Чабуулдун өзү менен катар эле ага карата адамдардын жасаган реакциялары да андан кем эмес үрөйдү учурат.
Биз реакциялардын эки жаман түрүн көрдүк:
50 гейдин өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу адамдардын кубанычы;
Мусулмандардын АКШга кирүүсүн чектөө же калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн өлкөлөрдөн келген мигранттардын кирүүсүнө тыюу салуу.
Биринчи — гомофобиянын эң агрессивдүү формасынын жыйынтыгы, а экинчиси — жапайы исламофобиянын жыйынтыгы.
Мен бир нерсени мойунга алууга даярмын — болжол менен 13-15 жыл мурда мен бир эле маалда гомофоб дагы, исламофоб дагы болгом. Мен алардын биринчисинен да, экинчисинен да кутула алдым жана силерге ал жөнүндө айтып берүүгө даярмын.
Гомофобиядан кантип кутулдум?
Гомофобиялык постсоветтик чөйрөдө өскөн, гетеросексуал өспүрүм кезимде мекендештеримдин көпчүлүгү сыяктуу эле кантип бир эле жыныстагы эки адам бири-бирин сүйө алсын деп таң калчумун.
Бирок ал менин чачымды өстүрүп, көчөдөгү көптөгөн жаман сөздөрдүн (алардын эң жакшысы «пидар» болгон) өзүмө багытталышына шарт түзүүмө тоскоолдук кылган жок. Ошол эле маалда мен көптөгөн гомофобиялык оозеки агрессиянын булагы бойдон калуумду уланта бергем.
Качан досторумдун биринин гей экенин билген күнү баары өзгөрдү. Мына сага бурулуш!
Бир четинен мага бир аз ыңгайсыз болуп кетти, анткени мен көптөн бери анын көзүнчө гейлер тууралуу тамашаларды айтып келгем. Албетте, ал унчукчу эмес — биздин кыргыз коомчулугунда, өзгөчө 90-жылдардын аралыгында гейлерди коргоп бир нерсе айтып көрчү.
Экинчи жагынан мага коркунучтуу болду. Азыр, ушунча жылдан кийин мурдагы СССРдеги гомофобиянын уникалдуу экенин түшүнүп отурам. Эгер Европа менен АКШда гомофобиянын себептеринин көбү диний көз караштар болгон болсо, Советтер Союзунда ал абак маданиятынан, өзгөчө түзөтүү жайларында көптөгөн адамдар камалган сталиндик мезгилдерде жаралган.
Лагерлерде камактагы аялдарды зордуктагандыктары элдик маданиятта мындай так калтырган эмес. Болгондо да андай иштерге күзөтчү эркектер же камактагы башка эркектер барышкан. Патриархалдык гетеронормативдик коомдо ал тилекке каршы абдан эле күтүлгөн нерсе.
Бирок дал эркектердин ортосундагы сексуалдык зомбулук советтик адамдын үрөй учурган фольклоруна бекем бекиген. «Мончодо самын түшүрүп алуу» жөнүндөгү тамашалар жана бардыгына жабыша берген гейлер тууралуу коркуулардын баары тең абактардан келген да.
Абактан тышкаркы күнүмдүк сексуалдык жашоонун — гетеросексуалдуулук дагы, гомосексуалдуулук дагы — тыюу салынгандыгын эске алганда, советтик жана постсоветтик адамда гомосексуалдуулук тууралуу ошондой түркөйлүк элестердин калыптанып калгандыгы таң калычтуу деле эмес.
Ал коркунучтуу жеңүү мен үчүн баарынан кыйын болгон. Бирок экинчи жагынан менин гей досумдун үй-бүлөсүндө ата-энесинин анын ориентациясы жөнүндө билип калгандыгына байланышкан олуттуу көйгөйлөр болгон. Ага менин жардамым керек болгон жана ошол үчүн ал каминг-аут жасап, мага кайрылган.
Мен анын жашоосунда болгон көптөгөн нерселерди айтып бере албайм, анткени алар ал адамдын ким экендигин билдирип коюулары мүмкүн. Бирок кайсыл бир учурда анын ориентациясы үчүн гана ал адамга болгон мамилемди өзгөрткүм келбегенин баамдадым.
Андан соң бир нече жыл Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү гей-коомчулугунун кандай жашай тургандыгы менен тааныштым. Гомосексуалдуулук аба аркылуу жугат деген айрым адамдардын, алардын ичинде биздин парламенттеги депутаттардын элестөөлөрүнө карабастан, мен өзүмдүн каминг-аутумду жасоого даярмын — мен гетеросексуал бойдон калдым.
Мен гетеросексуал болуп төрөлгөндүгүмөн улам ошол бойдон калдым жана эгер мен Сан-Францискодогу гей-кварталда ондогон жыл жашасам да гетеросексуал болбой калбайм.
Дал ушундай эле адамдар гей болуп төрөлүшөт жана кандай гана акылсыз мыйзамдар кабыл алынып, кандай гана зомбулуктар жасалбасын алардан гей болуп жаралгандар гей болбой калышпайт.
Урматтуу гомофобдор. Гейлер болушкан жана мындай кийин да дайыма боло беришет. Аны кабыл алып, стереотиптериңерди акылыңардан ашып өтпөөгө үйрөткүлө, а стереотиптерден таптакыр кутулсаңар андан да жакшы болот.
Ал эми күнөөсүз адамдардын өлүмүнө кубануу — бул адамдын эң төмөн түшкөндүгү жана мага азыр моралдын эң төмөнкү чегинде тургандарга абдан боорум ооруйт.
Исламофобиядан кантип кутулдум?
Өспүрүм кезимде исламга карата да менде дал ушундай эле коркуу сезими болгон.
Ислам куралданган агрессивдүү кишилердин гана дининдей сезилчү, ошондуктан мен андан коркчумун.
Бактыга жараша канча бир убакыт өткөндөн кийин мен исламдын христиан жана башка диндер сыяктуу эле биринчи кезекте сүйүү, боорукердик жана кайрымдуулук идеяларынан турарын түшүндүм.
Исламды жамынып алып кол салып, адамдарды өлтүрүп жана тыюу салгандар адатта бул диндин эрежелерине каршы аракет кылышат.
Тилекке каршы кыргызстандыктардын көбү исламдын канчалык көп түрүү жана көп түшүнүктөргө ээ экенин элестете алышпайт. Анткени биздин өлкөдө каржылоонун көбүн исламдын жанагыл өтө конвервативдүү бутактары алышат.
Мен өз өлкөсүндө гейлер менен лесбияндардын укуктарын коргоо менен алектенгендердин алгачкыларынын бири эсептелген египеттик активист мусулман кыз менен таанышкандан кийинки өзүмдүн маданий шогум эсимде.
Ал чоң кишилердин бири-бирин сүйгөнү менен Куранда жазылган нерселердин ортосунда карама-каршылык көргөн эмес. Бирок анын мораль жөнүндөгү мусулмандык элестөөлөрү адамды эч кандай себепсиз эле сабап, камакка алып же өлтүрүп салууга боло тургандыгына карама-каршы болгон.
Негизи менин исламды кабылдоомдогу бурулуш учур 2014-жылы Туниске барганымда болгон — анда мен бүтүндөй Жакынкы Чыгыштагы эң прогрессивдүү мусулмандар менен жолуккам.
Анда мен кызыктуу бир нерсени эсиме түшүрдүм. Кыргызстанда «чыныгы мусулман эмес» деп айтылып жүргөн мусулмандар көп эмеспи. Аларды күнүнө беш маал намаз окубагандыгы жана динде милдеттүү болуп эсептелген башка ырым-жырымдарды аткарбайт деп айыпташат.
Тунисте мен жолуккандардын бардыгы тең Куранды майда-чүйдөсүнө чейин тактап түшүнүүнү маанисиз деп эсептеген адамдар болушкан.
«Мечит менен ырым-жырым — эгер каалабасаң сөзсүз эле аткарылышы керек болбогон институционалдык көрүнүштөр. Эң башкысы жүрөгүңдө сүйүү болсун», — деген кептерди уккам мен көбүнчө.
Ал таң каларлык болгону менен мендеги исламофобияны түп-тамыры менен жок кылган.
***
Силер байкагандай, ар бир фобиядан кутулууда менде адамдар менен таанышуу негизги учур болгон.
Силер дагы таанышкандан коркпогула. Бүткүл дүйнө өзүнүн көп түрдүү адамдары менен силерге ачык. Бир нече гейлер, лесбияндар же трансгендерлер менен таанышкыла. Аларга жакшы мамиледе болуп, алардын силерге ачылуусуна мүмкүндүк бергиле. Андан кийин силердин аларды сабап-өлтүрүү керектиги жөнүндө жазгыңар келээр-келбесин көрөбүз.
Бир нече мусулман менен достошуп, аларды жакындан билгиле. Жогоруда гейлер жөнүндө жазган нускамалар боюнча кеткиле. Андан кийин силердин аларды террорчу деп айткыңар келээр-келбесин көрөбүз.
Бирок менин гей досторум менен мусулман досторум айткандай, эң башкысы жүрөккө сүйүү орнотуу экенин унутпагыла.
Баса, ал үчүн сөзсүз түрдө эле гей же мусулман болуу керек эмес. Эгер мен сыяктуу гетеросексуал-агностик жасай алгандан кийин эмнеге башка кимдир бирөөнүн колунан келбеши керек?