Акыркы күндөрү Франциядагы футбол боюнча Европа чемпионатында орусиялык жана англиялык күйөрмандар ортосунда бир канча кагылышуулар болду. УЕФА эгер орус күйөрмандары дагы мушташ чыгарышса, анда Орусия курамасын чемпионаттан четтете тургандыгын билдирди.

УЕФА Орусиянын футбол союзуна (ОФС) айып катары 150 миң евро төлөө жазасын белгилеп, команданы мелдештен четтетүү шарттарын атады: эгер орусиялык күйөрмандар Евро-2016дагы стадиондордун кайсынысынын ичинде болбосун мушташ чыгара турган болушса, анда Орусия чемпионаттан четтетилет.

Айып салуу чечими менен мелдештен четтетүү ыктымалдыгына 11-июндагы Орусия-Англия беттешинин алдындагы күйөрмандардын кагылышуусу, ошондой эле Марселдеги стадиондун өзүндөгү башаламандыктар себеп болду. Оюн аяктагандан кийин орус күйөрмандары англиялык күйөрмандар тарапка өтүп барышып, мушташ чыгарышкан. Анын жыйынтыгында 35 киши түрдүү жараатарды алышкан, алардын көпчүлүгү англиялыктар болушкан.

Орусиялык күйөрмандар Марсель стадионунда англиялыктар тарапка өтүп жатышат

Эртеси Марсель полициясы жергиликтүү мейманканалардын биринин алдынан 29 орус күйөрманын кармап, алардын бир бөлүгүн депортация кылуу чечими кабыл алынган. 14-июнда Орусия Словакия менен ойношу керек болгон Лилль шаарына бара жаткан жолдо автобус токтотулуп, андагы жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгүн да өлкөдөн чыгарууну чечишти.

Күйөрмандардын бүткүл Орусиялык коомдук кыймылынын башчысы Александр Шпрыгиндин айтымында, автобустагы күйөрмандардын эч кимиси башаламандыктарга катышышкан эмес.

Күйөрмандары башаламандыктарга катышкан Англия курамасына эскертуү берилди. Алты англиялык күйөрман бейбаштык үчүн деп абакка камалды.

Англиялыктар Марселдеги башаламандыктарда

2016-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты 10-июндан 10-июлга чейин Франциянын он бир шаарында өтөт. Мелдештин экинчи күнү Англия менен Орусия курамаларынын ортосунда беттеш өтүп, 1-1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Голдорду Эрик Дайер менен Василий Березуцкий киргизишкен. Орусиялыктар оюн эсебин кошумча берилген убакта, 92-мүнөттө теңей алышкан.

Орусиянын катышуусундагы кийинки оюн 15-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө болот. Леонид Слуцкийдин командасы B тайпасынын учурдагы аутсайдери болуп турган Словакия курамасы менен кез келишет (тайпада үч упайы менен Уэльс алдыда, андан соң бирден упайга ээ Орусия менен Англия курамалары келе жатышат).

Сүрөттүн булагы: Виталий Белоусов / Sputnik