Футбол боюнча Европа чемпионатынын биринчи туру артта калды. Kloop.kg жергиликтүү телеканалдар көрсөтүп жаткан чемпионаттын  экинчи жумасындагы беттештердин жүгүртмөсүн жарыялайт.

Орусиялыктар чемпионаттан четтетүү шарттарына тынчсызданып, а англиялык алты күйөрман Марселдеги башаламандыктар үчүн абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан чакта Евро-2016 уланууда жана анын экинчи турундагы беттештер башталып жатат.

Алгачты турда тайпаларда чыныгы фавариттер аныкталган жок — мисалы, Уэльс курамасы үч упайга ээ, бирок ал күчтүү болгон Англия менен Орусия курамаларына каршы эки беттеш өткөрүшү керек жана анын плей-оффго өтүүсү азырынча кепилдене элек.

Алгачкы беттештерден кийин Бельгия аутсайдер болуп жаткан E тайпасындагы абал башкача — өз тайпасында ал бир дагы упайга ээ эмес жалгыз команда. Анткен менен бельгиялыктар үчүн эң кыйыны, Италия курамасы артта калды. Алдыда андан бир топ алсызыраак болгон Швеция жана Ирландия командалары бар, андыктан Бельгиянын ⅛ финалга өтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Калган жагынан Евро-2016 дээрлик план боюнча өнүгүүдө: Германия жана Испания курамалары (анчалык ишенимдүү эмес болсо да) жеңишке жетишти, эч кандай (эки жыл мурда голландиялыктар менен испандыктардын ортосундагы беттештегидей болуп) 5-1 эсеби катталган жок, азырынча эч ким майкасын жырткан жок.

КТРК жана НТС телеканалдары аркылуу көрүүгө мүмкүн болгон чемпионаттын экинчи турундагы беттештердин жүгүртмөсү менен таанышып алыңыздар.

Шаршемби, 15-июнь

В тайпасы: Орусия — Словакия 19:00

А тайпасы: Румыния — Швейцария 22:00

Бейшемби, 16-июнь

А тайпасы: Франция — Албания 01:00

В тайпасы: Англия — Уэльс 19:00

С тайпасы: Украина — Түндүк Ирландия 22:00

Жума, 17-июнь

С тайпасы: Германия — Польша 01:00

E тайпасы: Италия — Швеция 19:00

D тайпасы: Чехия — Хорватия 22:00

Ишемби, 18-июнь

D тайпасы: Испания — Түркия 01:00

E тайпасы: Бельгия — Ирландия 19:00

F тайпасы: Исландия — Венгрия 22:00

Жекшемби, 19-июнь

F тайпасы: Португалия – Австрия 01:00

Сүрөт булагы: Getty Images