Өзбекстан өз аймагына коңшу өлкөлөрдүн жарандарын киргизүүнү 25-июнга чейин токтотту. Чектөө Кыргызстанга, Казакстанга, Тажикстанга жана Түркмөнстанга тиешелүү.

Өзбекстандын чек ара кызматы коңшу өлкөлөрдүн жарандарын  өз аймагына киргизүүнү убактылуу токтотконун расмий түрдө билдирди.

«Бүгүнкү күндөн тарта Өзбекстан өлкө аймагына Кыргызстандан, Тажикстандан, Казакстандан жана Түркмөнстандан келген жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү киргизүүнү убактылуу токтотот», — деп жазылган билдирүүдө.

Коңшу өлкөлөр менен болгон чек арадагы өткөрмө бекеттери 15-июндан 25-июнга чейин жабык болот. Тыюу салуунун себептери кабарланбай эле.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколова өзбек бийлигинин аракеттери Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алдындагы коопсуздукту камсыз кылууга байланыштуу деп эсептейт.

«Өзбекстан чектөөлөрдү саммит маалында коопсуздукту камсыз кылуу үчүн киргизүүдө. Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлүнүн маалыматын жөнөтүштү», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Басма сөз катчы чектөө алынмайынча Кыргызстандын Өзбекстан аймагында жүргөн жарандары да өлкөдөн чыга албай тургандыктарын кошумчалады. Бирок ал чек араны кесип өтүүгө уруксат берилген Кара-Суу районудагы Барак эксклавынын жашоочуларына тиешелүү болбойт.

Шанхай кызматташтык уюмунун жыл сайын өтчү саммити быйыл Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 23чү жана 24-июнь күндөрү болот.