Экс-депутаттар Бишкекте «турак жайынын жоктугунан» улам кызматтык батирлерин бошотуша элек

Жогорку Кеңештин төрагасы V чакырылыштын үч депутатынын кызматтык батирлерин бошотуп берүүсү керектигин билдирген. Мурдагы парламентарийлер Бишкектен башка турак жай таап алганча чыгарбай турууну өтүнүп жатышат.

15-июнда парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков өткөнкү чакырылыштын депутаттары кызматтык батирлерди бошотуп берүүдөн баш тартып жаткандыктарын билдирген.

«Тилекке каршы, дагы деле кызматтык батирлерин бошотуп бере элек абийирсиз экс-депутаттар бар», — деген ал Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал эгер үч депутат кызматтык үйлөрдү бошотуп берүүдөн баш тартышса, анда аларга каршы сотко доо арыз бериле турганын айткан.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кызматтык батирлерин КСДПдан Акылбек Султанов, «Республикадан» Абдулатип Режебалиев жана «Ар Намыстан» Эсенгул Исаков бошотуп берүүдөн баш тартып жатышат.

Парламенттин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу «Азаттык» радиосуна курган маегинде экс-депутаттарга кызматтык батирлерди бошотуп берүү өтүнүчү жөнүндө кабар берилгенин, бирок мурдагы парламентарийлер эч кандай реакция кылбагандыктарын билдирген.

«[…] алар аймактардан келгендиктерин жана Бишкекте турак жайлары жок экенин айтышып, ушул жылдын майына чейин күтө туруубузду өтүнүшкөн. Алар борбордо үй куруп жаткандыктарын, аны аяктагандан кийин турак жайды сөзсүз бошотуп бере тургандыктарын билдиришкен. Аларда кызматтык турак жайды майга чейин бошотуп беришет деген оозеки макулдашуу болгон,  а азыр июндун ортосу болуп калды», — деген ал.

Экс-депутат Эсенгул Исаков Kloop.kgге курган маегинде ал кызматтык батирди Бишкекте турак жайы жок болгондуктан улам бошотпой жатканын билдирди. Анын айтымында, батир издөө убакытты талап кылат, ошондуктан ал кесиптештери менен июндун аягына чейин күтө турууларын өтүнүшкөн.

«Биз июнь айында кете тургандыгыбыз жөнүндө документке кол койгонбуз, анткени жашай турган жерибиз жок. Биз ипотека таптык, а батир тапкандар анда оңдоо иштерин жүргүзүүлөрү керек, ага убакыт керек да. Ошондуктан биз түшүндүрүп айттык, алар макул болушту», — деди ал.

Исаков төрага Чыныбай Турсунбеков менен Жогорку Кеңештин азыркы депутаттарынын аракеттерин «популисттик» деп атады.

«Кечээ алар (төрага менен депутаттар) чечкиндүүлүк менен айтышты, алардын эмнеге эл алдында ойноп, популисттик аракеттер менен алектенип жаткандыктарын өзүм да түшүнбөй калдым. Биз алардан күтө турууларын өтүнгөнбүз да. Мен төрагага телефон чалган жокмун, каалашса ойной беришсин, андан бизге ысык да, суук да эмес. Ал жакта бекер жашап жаткансып. Биз башкаларга салыштырмалуу батир акысын үч эсе көп төлөп атабыз, алар ошолор менен чарбалык эсептерди кармап турушат», — деп кошумчалады ал.