Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованын «ар-намысыбызды кемсинтти» деп президент Алмазбек Атамбаевге каршы жазган доо арызын канааттандырган жок.

Өз чечимин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Алмаз Калыбаев 16-июнда, тараптардын жарыш сөзүнөн кийин кабыл алды — ал укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованын президентке каршы жазган доо арызын канааттандыруудан баш тартты.

Абдирасулова менен Исмаилова Атамбаевди «ар-намысыбызды кемсинтти» деп сотко беришкен — ага президенттин укук коргоочуларды Иван Крыловдун «Квартет» тамсилинин каармандарына салыштырып, алардын «гранттарын актап жаткандыктарын» айткандыгы себеп болгон.

Исмаилова Kloop.kgге курган маегинде мындай чечимдин кабыл алына турганын күткөнүн айтты — укук коргоочулар Биринчи май райондук сотунун баш тартуусу боюнча жогорку баскычтагы сотко даттанат, ал үчүн алардын 30 күн убактысы бар.

«Биз соттун чечими боюнча жогорку баскычтагы сотторго кайрылабыз, Жогорку сотко дагы, БУУнун адам укуктары боюнча комитетине дагы доо арыз берүүгө даярбыз. Биз мындай болорун башында эле билгенбиз, бирок биздин сот системабыздын коррупциялашканына көзүбүз жетиши керек болчу», — деди Исмаилова.

Укук коргоочулар моралдык чыгым катары президенттен 10 млн сом өндүрүп, анын эл алдында кечирим суроосуна жетишүүнү каалашкан.

«Ар-намысты кемсинтүү» жөнүндөгү укук коргоочулардын иши боюнча сот 8-июнда башталган жана бир апта ичинде аяктады. Президенттин өзү отурумдарга барган жок — анын атынан жактоочусу Алмаз Османова катышты.

Тема боюнча: «Мен эмне маймыл же эшекминби?» Сот президенттин сөздөрүнүн укук коргоочуларды кемсинткенин кантип териштирди?

Ал Биринчи май райондук сотунун чечими боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

Атамбаев укук коргоочуларды кемсинткен сөздөрүн Энелер күнүнө арналган иш-чара маалында айткан — ал оппозиционерлердин Исмаилова менен Абдирасулова да катышкан форумунун контекстинде айтылган.

«Эгер андай сөздөрдү мени менен таптакыр жолугуп көрө элек [мурдагы президент Аскар] Акаев айтса мен таарынбайт болчумун. Бирок Атамбаев… Ал оппозиционер болуп жүргөн кезде биз Исмаилова экөөбүз анын укуктарын коргоп келгенбиз, ал бизге телефон чалчу. А биз күн-түн экенине карабастан анын укуктарын коргоо үчүн барчубуз. Ал эмес аны куткаруу үчүн түн ичинде да үйдөн чыгып кеткен учурларыбыз болгон», — деген отурумдардын биринде Абдирасулова.

Ал форумдан кийин оппозиционерлердин айрымдары кармалышып, аларга «бийликти күч колдонуп басып алуу аракети» айыбы тагылган. Учурда алар УКМКнын тергөө абагында камакта.