Митингге чыккан Бишкектин жашоочулары менен укук коргоочулар шаардын борборундагы эски үйлөрдү бузуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкууга алып чыккан депутаттар «курулуш компанияларынын кызыкчылыктарын коргоп жатышат» деп эсептешүүдө.

16-июнда парламент имаратынын алдына 10-июнда коомдук талкууга алынып чыгарылган Бишкектин борборундагы эски үйлөрдү бузуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы болгон бир канча ондогон адамдар чогулушту.

«Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиева эски имараттарды сүрдүрүү жарандардын укуктарын бузушу мүмкүн деп эсептейт. Ал «Заноза» басылмасына курган маегинде сунушталып жаткан мыйзам долбоорун курулуш компанияларынын «кызыкчылыктарын коргоо» деп атады.

«Бийлик эски үйлөрдү бузуп, алардын ордуна жаңы үйлөр курулду деп коелу. А андан ким пайда табат? Мамлекетпи? Коомбу? Же ким? Жеке курулуш компаниялары. Ошондуктан мындай мыйзам долбоорлору менен жеке курулуш компаниялардын кызыкчылыктарын коргоо — бул жарандардын укуктарын жана жер тилкелерин алуу учурлары жазылган учурдагы мыйзамды бузуу», — деди ал.

Умуралиева митингде парламент «жеке регламентин бузууну токтотушу керектигин» талап калды.

«Парламент [15- июнда] мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы добуш берди, бирок [депутат Тынчтыкбек] Конушбаев кайрадан добуш берүүнү талап кылууда. Биз парламент жеке регламентин бузууну токтотсун деп талап кылабыз!», — деди ал.

Укук коргоочу Анара Дауталиеванын айтымында, борбордо шаардыктар үчүн «жер жетишсиз».

«Бизнесмендерди эмес, а элди ойлоо керек. Биз борбордо жашап жатабыз, балдарыбызга жер жок, алардын ойноосуна, сейилдөөсүнө жер жок, анткени үйлөр менен унаалар абдан көп», — деди Дауталиева.

«Прецедент» юридикалык фирмасынын директору Фатима Якупбаева дагы үйлөрдү бузуу демилгесине макул эмес экенин билдирди. Ал мыйзам долбоорунун тексти конституциялык нормаларга, тагыраагы мүлктү соттун чечими боюнча гана алууга боло тургандыгы жазылган 12-беренеге дал келбейт деп эсептейт.

Юрист мыйзам долбоору коррупциялык тобокелдиктерди жаратышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Мыйзам долбоорунда айтылган аймакты (шаардын борбору) жана борбордогу мүлккө болгон суроо-талапты эске алуу менен белгилүү бир курулуш компанияларынын кызыкчылыктарын коргоо жөнүндө божомолдоого болот», — деди Якупбаева.

«Борборго заманбап көрүнүш берүү»

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектин борборундагы эски үйлөрдү бузуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга 10-июнда алып чыгышкан.

Анда жеке жактар менен башка фирмалардын жеке менчигиндеги 1996-жылга чейин курулган жана Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия гүлбагы, Линейный жана Карпинский көчөлөрүнүн курчоосундагы кыймылсыз мүлк объектилерин алуу сунушталган.

Бишкек башкы архитектура ишканасынын шаар куруу жана пландоо башкармалыгынын начальниги Жыргалбек Асаналиев шаар «эч кандай тарыхый баалуулукка ээ эмес» эски имараттардан кутулушу керек деп эсептейт.

«Эскирген үйлөр 1930-жылдары курулган. Алар толугу менен эскирди, аларды бузуу керек. Алар эч кандай баалуулуктарга ээ эмес, алардын карай турган эч нерсеси жок. Учурда деталдык пландоо долбоору иштелип чыгууда. Негизинен анда турак жай мүнөзүндөгү объектилер курулат», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Долбоордун демилгечилеринин бири, «Ата-Мекен» фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, «борборго заманбап көрүнүш берүү» үчүн эски имараттарды бузуу зарыл.

Ал мыйзам кабыл алынса бузулган үйлөрдүн ордуна имараттарды куруунун башкы планын мэрия менен шаардык кеңеш аныктай тургандыгын билдирди.

«Биз шаарды барак тибиндеги эски үйлөрдөн арылтууну каалайбыз. Үйлөр мамлекет тарабынан сатылып алынып, андан кийин конкурстук негизде инвесторлорго берилиши керек», — деди Шыкмаматов мыйзам долбоору жөнүндө.

Депутат шаардын өнүгүүсү үчүн мамлекет жарандардын укуктарын чектей алат деп эсептейт.

Шыкмаматов Kloop.kgге эски үйлөрдү мамлекет сатып алаарын, бирок анын алдында көз карандысыз эксперттик комиссия мүлктү баалай турганын билдирди.

«Кыймылсыз мүлктүн баасы мамлекет же потенциалдуу инвестор тарабынан төлөнөт. Өкмөт шаардык кеңеш менен мэриянын өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден, окумуштуулардан турган комиссия түзөт, ал комиссия имараттардын бааларын аныктайт», — деди ал.

Видео: Булат Сатаркулов