Жылуу аба ырайына байланыштуу быйыл Кыргызстандын түштүгүндө гилас терүү мезгили былтыркыга салыштырмалуу эрте башталды. Мол түшүм баалардын төмөндөөсүнө себеп болду — багбандар бул жылы гиласты бир жарым эсеге арзан сатып жатышты.

Адатта Баткен облусунда гилас терүү мезгили июндун ортосунан тарта башталат. 2016-жылдагы жылуу аба ырайы жемиштин бышуусун тездетип, гилас терүү мезгили дээрлик бир ай эрте башталган.

DSC_1072 (1)

Анткен менен эрте бышкан түшүм — дайыма эле багбандардын кубанычынын себеби боло бербейт. Түшүмдүн мол болгондугуна байланыштуу быйыл гиласка болгон баалар бир жарым эсеге төмөндөп кеткен.

Багбандар 2015-жылы гиластын килограммын 220-250 сомдон сатышкан, анткени үшүккө байланыштуу түшүм аз болгон. Быйыл гиластын баасы килограммына 120 сомдон 150 сомго чейин болду.

DSC_1038 (1)

Баткен облусунун Көк-Талаа айылынын жашоочусу Гүлмира Асанова сезон жакшы, а түшүм мол болгонун айтты.

«Сезон — жакшы, бирок өткөн жылдагыга салыштырмалуу арзаныраак сатып жатабыз. Анда түшүм аз болгон — 10 бактан болгону 50 килограмм гилас алып, аны 250 сомдон саткам, а быйыл 160 килограмм чогултуп, 120 сомдон сатып жатам», — деди ал.

DSC_1120 (1)

Үч-Коргон айылынын тургуну Жанона Абдурахманова да быйылкы түшүмгө ыраазы. Өткөн жылы ал жүз бактан 500-600 килограмм гилас алган, а быйылкы сезондо анын түшүмү бир жарым тоннадан ашты.

DSC_1051 (1)

Баткен облусундагы гилас Кыргызстандын ичинде гана сатылбайт — соодагерлер аны Орусияга жөнөтүшөт. Үч-коргондук сатуучу Хидиятилло Ибрагимов он жылдан бери гилас экспорттоо менен алектенет.

«Биз гиласты Москвага, Новосибирскке, Санкт-Петербургга сатабыз. Евразиялык биримдикке киргендиктен мурдагыдай салыктарды төлөбөйбүз, ошондуктан мен бир жүк унаасынан миллион рублге чейин алышым мүмкүн», — дейт Ибрагимов.

DSC_1117 (1)

DSC_1139 (1)

Багбандар гиластын көп экендигине карабастан аларды анын сапаты капа кылганын белгилешүүдө — майдын экинчи жарымындагы узакка созулган нөшөрлөгөн жаан түшүмдүн көбүн бузган.

DSC_1037 (1)

«Быйыл биз 200 килограмм гилас тердик, алардын 40ы сатууга жарабай калган», — деди Үч-Коргон айылынын жашоочусу Шахбоз Арипов.

Автор: Сайедбек Нусратуллаев