Баткенде Сириядагы согуштук аракеттерге катышкандар кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунун аймагынан Сирияда террористтик даярдыктан өткөн жана согуштук аракеттерге катышкан үч жарандын кармалганын билдирди.

Аталган мекеменин кабарлашынча, кармалгандар Кыргызстандын аймагында эл аралык террористтик уюмдун жашыруун топторун уюштуруп, террордук иш-аракеттерди жасоону көздөшкөн.

2“Тинтүү учурунда кармалгандардын жашаган жеринен октолгон автоматтар, граната, ок-дарылар, экстремисттик адабияттар жана ошондой эле жихадга чакырган материалдар табылган”, — делет УКМКнын билдирүүсүндө.

1

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камалган.

Автор: Алмаз Эшбаев

Сүрөт УКМКнын басма сөз кызматыныкы