Москва полициясы Орландодо каза болгондорду эскерүү үчүн АКШ элчилигинин алдына барган эки жаш жигитти кармап кеткен. Алар «коомдук иш-чараларды өткөрүү тартибин бузгандыктары» үчүн айып төлөп же камакка алынуулары мүмкүн.

Орландодо каза болгондорду эскерүү үчүн АКШ элчилигинин алдына барган эки жаш жигит «коомдук иш-чараларды уюштуруу тартибин бузууга» айыпталып жатышат.

Алар айып төлөө же он суткага административдик камакка алуу жазалары менен жазаланылуулары мүмкүн.

Ислам Абдуллабеков менен Феликс Глюкманды Москва полициясы 13-июнда, «Сүйүү жеңет» деген жазуу кармап алып дипмиссиянын алдында турган кезде кармап кетишкен. Бул тууралуу «Свобода» радиосу билдирүүдө.

«Глюкман менен Абдуллабеков элчилик алдына Love wins (Сүйүү жеңет) деген жазуусу бар плакатты калтырышкан […] Ошол маалда дароо эле алардын жанына полиция кызматкерлери келишип, жаш жигиттерди Пресненск райондук ИИБсине алып барышкан. Ал жакта алар үч саат болушуп, кармалгандарга пикет өткөрүү тартибин бузгандыгы жөнүндө протокол түзүлгөн», — деп жазды басылма.

«Свобода» радиосунун маалыматы боюнча, кармалгандар пикет уюштурушкан эмес, а тилектештиктерин билдирүү үчүн барышкан.

«Бизге жөн гана гүл коюп кетүү маанилүү болчу, анда эч кандай баатырдык жок. Бул ишти эптеп токтотуу полициянын өзүнүн кызыкчылыгында, анткени «Сүйүү жеңет» деген жазуусу бар плакат үчүн соттоо – бул Кафкадагы бир нерсе»», — деп жазды басылма Глюкмандын айткандарын.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюмунун Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Сергей Никитин полициянын аракети адамдардын өз пикирин билдирүү жана тынчтык чогулуштарын өткөрүү эркиндигине болгон укуктарын бузуу деп эсептейт.

«Бул өз пикирин билдирүү жана тынчтык чогулуштарын өткөрүү эркиндиктерин одоно бузуу болуп эсептелет, а кармалгандар элчиликтин алдына барган трагедиялуу шарт-жагдайларды эске алганда ал андан да уятсыз болууда. Бул көрүнүш — адам укуктарын сыйлоону гана эмес, а трагедия алдындагы адамдардын тилектештигин да жеңип чыккан гомофобияны уятсыз көрсөтүү», — деп билдирди ал.

Орландо шаарынын гей-клубундагы ок атуу

Американын Флорида штатындагы Орланда шаарында кол салуу 12-июнда болгон — жашоочулардын бири 300дөн ашык киши бар «Pulse» деген гей-клубда ок чыгарган. Анын жыйынтыгында 50 киши каза болуп, дагы 53ү жаракаттарды алышкан. АКШ бийлиги кол салууну террористтик акт деп баалашты.

Кол салган адам Флоридада жашап,  G4S деген күзөт кызматында иштеген АКШнын 29 жаштагы жараны Омар Саддики Матин болуп чыккан. Америкалык ЖМКлар терактты 2001-жылдын 11-сентябрдан кийинки эң ириси деп аташты.

АКШ президенти Барак Обама 16-июнга чейин созулган расмий аза күтүү жарыялаган. Ал бардык штаттарда мамлекеттик желектерди төмөн түшүрүүнү буюруп, демократиялык партиядан президенттикке талапкер Хиллари Клинтонду колдогон шайлоо алдындагы митингге барбоо чечимин кабыл алды.

Дүйнө лидерлери каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтышып, адамдардын массалык өлтүрүлүшүн айыпташты. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Обамага көңүл айтып, «катаал» жана «үрөй учурган терроризм актысын» айыптай турганын билдирди.