16-июнда сел агымдары Талас облусунун Кең-Арал, Үрмарал жана Кызыл-Сай айылдарындагы жолдорду жууп, эки көпүрөнү бузуп кетти. Дагы он көпүрө авариялык абалда.

Сел Талас облусунда 16-июнь күнү кечинде болуп, төрт айылды бириктирип турган эки көпүрөнү толугу менен талкалап кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) табият кырсыгына акыркы үч күндөн бери токтобой жааган нөшөрлөгөн жаан себеп болгонун билдирди. ӨКМдин маалыматы боюнча, сел үч айылды каптаган: Кең-Арал, Үрмарал жана Кызыл-Сай.

ӨКМдин Талас облусундагы башкы өкүлүнүн орун басары Талант Качиев Kloop.kgге курган маегинде дагы он көпүрө авариялык абалда экенин билдирди. Анын айтымында, куткаруучулар аймакта көпүрөлөрдү бекемдөө боюнча оңдоо иштерин жүргүзүп жатышат.

«Сел Талас районунун Арал айылындагы эки көпүрөнү бузуп кетти. Түн ичинде калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Андан сырткары Бакай-Ата районунун Кең-Арал, Үрмарал жана Кызыл-Сай айылындагы көпүрөлөр зыянга учурады», — деди ал.

Sel_Talas_1

Sel_Talas_2

Качиевдин айтымында, Кызыл-Сайдагы көпүрө баткак жана таш агымдарына көп дуушар болгондуктан, аймактагы транспорт кыймылы убактылуу токтотулду.

«Азыркы учурда Талас-Тараз унаа жолу боюнча өтүү убактылуу токтотулду, а айдоочулар каттамдарын өзгөртүштү — азыр алар Ынтымак айылындагы жол менен кетүүгө аргасыз болуп жатышат», — деп кошумчалады ал.

Sel_Talas_3

Sel_Talas_4

Sel_Talas_6

Талас облусунун жашоочусу Өмүрзак Абдысамат уулу Kloop.kgге курган маегинде селден улам жолдордо эки чакырымга созулган унаа тыгыны жаралганын билдирди. Анын айтымында, айдоочулар тыгында төрт саатка жакын турушкан.

«Селден улам 16-июнь күнү кечинде дээрлик төрт саат бою тыгында турдук. Ал айылдардын ортосундагы байланышты үздү», — деди ал.

Sel_Talas_5

ӨКМдин маалыматы боюнча, турак үйлөр зыянга учураган жок, бирок андай коркунучту Киров суу сактагычы жаратышы мүмкүн — андагы суунун деңгээли 446 миллион куб метрге чейин көтөрүлүп кеткен.

Автор: Азамат Каработоев
Сүрөт менен видео: Азамат Рыскулов жана Абдысамат уулу Өмүрзак