Өзгөн райондук администрациясынын имаратынын алдындагы нааразычылык акциясы 17-июлда болду. Анда миңден ашык киши чогулуп, 10 жылга эркинен ажыратылган мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевди эркиндикке чыгарууну талап кылышты.

Мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевди эркиндикке чыгарууну талап кылган митинг 17-июнь күнү Өзгөн районунда болду.

Саламалик айылынан келген миңден ашык киши райондук администрациянын алдына чогулушту. Алардын көбү негизинен Сатыбалдиевдин туугандары, жердештери жана тарапташтары.

Uzgen_01

Uzgen_02

Нааразычылык акциясынын катышуучулары «бийликке каршы чыкпагандыктарын», а болгону «Сатыбалдиевге карата адилеттүүлүктүн болушун» талап кылып жаткандыктарын билдиришти.

Митингдин уюштуруучуларынын бири Максат Ибраимов Kloop.kgге митингдин катышуучулары жаза мөөнөтүнүн аяктагандыгына карабастан Сатыбалдиевди камакта кармап тургандыктарына нааразы болуп жаткандыктарын айтты.

«Алар аны (Сатыбалдиевди) кечээ бошотуш керек болчу. Бирок бизге түшүнүксүз болгон кандайдыр бир себептер менен алар соттун чечимин аткарбай жатышат», — деди ал.

Uzgen_03

Ибраимов эгер бул митинг эч кандай жыйынтык бербесе, анда көптөгөн адамдардын катышуусунда Ошто да митинг өткөрүүнү убадалады.

«Эгер аларга элдин президентке даттанып жаткандыгы жетишсиз болсо, анда кийинки жолу мындан да көп киши чогултабыз. Биз ал тууралуу бийлик менен адамдарга алдын ала билдиребиз», — деди ал.

Өзгөн районунун акими Аттокур Тажыбаев Kloop.kgге курган маегинде соттун чечими боюнча түшүндүрмө бере албай турганын айтты. Бирок ал «адамдардын үнүн жогорку органдарга жеткирүүнү» убадалады.

«Мен алардын талаптарын (жогорку органдарга) буга чейин да билдиргем, эми бүгүн да жеткирем», — деди ал.

Uzgen_06-1068x712

«Кызмат абалын кыянат пайдаланууга» айыпталып 10 жылга соттолгон Элмурза Сатыбалдиев мунапыс боюнча 8-июнда эркиндикке чыгышы керек болчу.

Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде ал башкы прокурор жана президенттин коргонуу маселелери боюнча кеңешчиси кызматтарында иштеген.

Сатыбалдиевдин эркиндикке чыгуусу 2010-жылдын 7-апрелиндеги революция маалында жабыркагандардын туугандарынын доо арыз менен Жогорку сотко кайрылгандыктарынан улам кечиктирилүүдө.

Андан сырткары он жылдык мөөнөткө мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттин администрациясынын башчысы Каныбек Жороев жана УКМКнын «Альфа» бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Жолдошалиев дагы кесилишкен.

Бийликтен куулган президент Курманбек Бакиев менен анын бир тууганы Жаныбек Бакиевге карата мүлкүн мамлекттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган, а анын уулу Марат мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 27 жылга соттолгон.