Евро-2016нын тайпалык беттештеринин үчүнчү жумасы башталды жана Kloop.kg КТРК менен НТС телеканалы көрсөтүп жаткан беттештердин жүгүртмөсүн жарыялайт.

Евро-2016нын тайпалык беттештеринин үчүнчү туру – акыркысы жана андан ары плей-офф башталат. Ошондуктан бул аптада өткөн жумаларга караганда бүйүр кызыткан оюндардын көп болуусу күтүлүүдө. Эгер Франция, Испания жана Италия курамалары 1/8 финалга өтүүгө жетишкен болушса, калган командаларга ал үчүн дагы күрөш жүргүзүүгө туура келет.

Алсак, В тайпасында буга чейин бир упай алганына карабастан Орусияда кийинки баскычка өтүү мүмкүнчүлүгү сакталып калууда: бирок ал эгер орусиялыктар Уэльстин оюнчуларын, а англиялыктар Словакиянын оюнчуларын уткан учурда гана мүмкүн болот. Бельгия да Швеция менен болгон оюнунда утушу керек, а немистер түндүк ирландиялыктарга каршы беттешинде жеңишке жетиши керек. Португалиялыктар күтүүсүздөн күчтүү болуп чыккан Венгрия курамасын утушу керек, учурда венгрлер упайлардын саны боюнча өз тайпасында биринчи келе жатышат.

Бул жагынан алып караганда F тайпасы чынында эле мелдештеги эң кызктуу тайпалардын бири болуп калды. Алгач анда Португалия менен Австрия фаварит эсептелип жаткан болсо, эми ири футболдук мелдештерге алгачкы жолу чыгып жаткан Венгрия жана Исландия курамаларынын плей-оффго чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жогорку сыяктуу болууда.

Баса, үчүнчү турдагы беттештерде тайпадагы оюндар бир убакта болот. Плей-оффтун алгачкы оюндары ишемби күнү башталат.

Оюндарды КТРК жана НТС кыргыз каналдарынан, ошондой эле Орусиянын Матч-ТВ, Россия 1 жана “Биринчи канал” каналдарынан көрүүгө болот.

Дүйшөмбү, 20-июнь

А тайпасы, Швейцария – Франция 01:00

А  тайпасы, Румыния – Албания 01:00

Шейшемби, 21-июнь

В  тайпасы, Орусия – Уэльс 01:00

В  тайпасы, Словакия – Англия 01:00

С  тайпасы, Украина – Польша 22:00

С  тайпасы, Түндүк Ирландия – Германия 22:00

Шаршемби, 22-июнь

D  тайпасы, Чехия – Түркия 01:00

D  тайпасы, Хорватия – Испания 01:00

F  тайпасы, Исландия – Австрия 22:00

F  тайпасы, Венгрия – Португалия 22:00

Бейшемби, 23-июнь

Е  тайпасы, Италия – Ирландия 01:00

Е  тайпасы, Швеция – Бельгия 01:00