Президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу өлкө башчысы «гранттарын актап жаткан» укук коргоочулар жөнүндө айтканда «өз оюн эркин билдиргенин» айтты. Президенттин айткандары аны менен укук коргоочулардын ортосундагы соттук териштирүүлөргө себеп болгон. Ал иш боюнча отурумга Kloop.kgнин кабарчысы байкоо салды.

16-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованын президент Алмазбек Атамбаевге каршы жазган доо арызын канааттандыруудан баш тарткан.

Андан бир күн мурда президенттин жактоочусу Алмаз Осмонова Атамбаевдин айткандарын түшүндүрүп берген — анын айтымында, өлкө башчысы «гранттарын актап жаткан» укук коргоочулар жөнүндө айтканда «өз оюн эркин билдирип жаткан».

Отурумга Kloop.kgнин кабарчысы Александр Титова байкоо салды, баяндоо кабарчынын атынан жүрөт.

Президент тарабынан укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын «ар-намысын кемсинтүү» жөнүндөгү иш боюнча акыркынын алдындагы отурум 15 мүнөттүк кечигүү менен башталды.

Кечигип калган укук коргоочуларды бир аз күткөн соң судья Алмаз Кадылбаев отурумду ачып, телеканал өкүлдөрүнө андан (судьянын өзүнөн) башка бардык каалаган нерселерин тарта ала тургандыктарын билдирди.

Тема боюнча: «Мен эмне маймыл же эшекминби?» Сот президенттин сөздөрүнүн укук коргоочуларды кемсинткенин кантип териштирди?

Отурум Исмаилованын сөзү менен башталды. Ал 1996-жылдан берки бардык жетишкендиктерин санап баштады. Бирок судья Кадылбаев анын сөзүн бөлүп, процесс маалында анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү эсепке алынбай турганын айтты.

Tolekan_Ismailova

Исмаилова «мыйзамдуу түрдө гранттарды» алып жатканына жана «коомдун жыргалчылыгы үчүн коомдук фонддо иштеп жатканына» сыймыктана турганын айтып жооп берди.

— Менин «Элдик парламенттин» жыйынында болушум өлкө башчысына мени элдин душманы деп атоо жана мени өлкөдөгү абалды туруксуздаштырып жаткан адамдардын катарына коюу укугун бербейт, — деди Исмаилова.

Укук коргоочу Атамбаевдин айткандарынан кийин анын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин, а үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы тең анын коопсуздугу үчүн тынчсызданып жаткандыктарын эске алуусун өтүндү.

‒ Мага жана менин үй-бүлөмө келтирилген моралдык чыгымда мен объективдүү түрдө 10 млн сомго баалап жатам, — деди Исмаилова, андан соң Кадылбаевден сотко президентти алып келип, аны эл алдынча кечирим суроого жана моралдык чыгымды төлөп берүүгө аргасыз кылууну өтүндү.

Кокустан процесске өзүн «Алты миллиондуу Кыргызстан» кайрымдуулук фондунун өкүлү деп тааныштырган Марта Кадыралиева кийлигишти — ал өз ордунан укук коргоочуларды колдоорун жана процесске катышууну каалай турганын айтты. Судья анын бул өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартып, бирок анын отурумга угуучу катары катышуусуна уруксат берди.

Сөз Азиза Абдирасуловага берилди — ал соттон бир нече жолу президенттин келишин өтүндү — отурумдун жүрүшүндө ал өтүнүч төрт жолу кайталанды. Жыйынтыгында Кадылбаев компромисске барды.

‒ Доогер, — деди сот укук коргоочуга кайрылып, — биз муну талкуулаганбыз. Эгер жоопкердин өкүлү сиздин суроолоруңузга жооп бере албай турган болсо, анда президенттин келишин камсыз кылып беребиз.

***

Судья сөздү президенттин өкүлүнө берди.

Буга чейинки эки отурумда унчукпаган Алмаз Осмонова алдын ала даярдалган билдирүүсүн окуурдун алдында укук коргоочунун талаптарын колдобой турганын айтты. Андан соң ал өз оюн эркин билдирүү жөнүндөгү беренеге шилтеме жасап, адам укуктары жөнүндөгү эл аралык пакттан үзүндү окуп, өз позициясын билдирип баштады.

— […] Атамбаев мырза тарабынан айтылган жогорудагы сөздөрдү туура эмес түшүнүп, туура эмес чечмелеп жана баарын өздөрүнө кабыл алып жатышат. Айтылган терминдер доочуларга карата терс мүнөздө эмес, а болгону жоопкердин аларга бөлүнгөн гранттар боюнча ишке болгон мамилесин камтыйт, — деди Осмонова.

Андан соң ал президенттин «өздөрүнүн чет өлкөлүк гранттарын актап жаткан НПОчулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова» деген фразасын талдап баштады. Ал сотту «актоо» сөзүн сөзмө-сөз түшүнүүгө чакырды.

— Актоо деген эмнени билдирет? Бул сөздө эч кандай кимдир бирөөнүн ар-намысын же ишкердик репутациясын кемсинтүү жок. Актоо — эмгек менен, иш менен ордун толтуруп берүү, кандайдыр бир ыкма менен же жол менен өздөштүрүү. Кеп эмне жөнүндө болуп жатат? Гранттар, акчалай түрүндө илимий же башка изилдөөлөр үчүн ишканаларга, уюмдарга, юиридкалык жактарга берилчү кайтарымсыз субсидиялар жөнүндө, — деп улантты жатоочу.

Осмонова гранттарды алып, ак ниеттүүлүк менен салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөп келе жаткандыктары жөнүндө айткан укук коргоочулардын өзүлөрүнүн сөздөрүнө шилтеме жасады. Жактоочунун айтымында, президент Исмаилова менен Абдирасулованын дал ушул сөздөрүн ырастап жатат.

‒ Ушул жерден мен сотко берилген доо арыздар менен кошумчаларды, документтерди, урматтуу бул адамдар эмгектенип жаткан бейөкмөт уюмдардын иштери жөнүндөгү аудиттердин корутундуларын анализдеп кетүүнү туура деп эсептейм. Ал гранттардын чынында эле улам-улам келип жатканына көңүл буруңуз. Мында эч кандай жалган маалыматтар жок, — деди Осмонова.

Osmanova

Президенттин өкүлү Атамбаев Иван Крыловдун «Квартет» тамсилинин каармандарына шилтеме жасаган бөлүмгө өттү — анын айтымында, өлкө башчысы анда укук коргоочуларды чыгарманын каармандары менен салыштырган эмес.

— Урматтуу сот, урматтуу доочулардын биринин дагы ысымы тамсилдин каармандарына салыштырылбагандыгын белгилеп кетким келүүдө. Ошондуктан мен доочулар бардыгын кеңири кабыл алып жатышат деп эсептейм, — деди Осмонова.

Президенттин коргоочусу өлкө башчысы укук коргоочуларды кийинчерээк мүчөлөрү «бийликти күч колдонуп басып алуу аракетине» айыпталып кармалган «Элдик парламентке» «байланыштырбаганын» айтты.

— Доочулар билдиришкендей бейөкмөт уюмдарды «Элдик парламент» менен байланыштуруу негизсиз. Эгер биринчи абзацта кеп жооптуунун бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү айтканы алар катышкан «Элдик парламенттин» форум өткөргөндүгү жөнүндө билдирип жатса….

Осмонованын сөзүн журналисттерди тынчтанууга чакырган судьянын үстөл үстүндө такылдатылган калеми бөлдү. Судья Кадылбаевдин думукма иш бөлмөсүндө 20дан ашык журналист отурумдун узакка созулганынан улам үшкүрүнүп отурушкан.

‒ Урматтуу сот, өткөн сот отурумунун аягындагы менин «Доочулар ал форумдун катышуучулары болуп эсептелишти беле?» деген суроомо экөө тең жок деп жооп беришкен.

— […] акаевчилерге, бакиевчилерге же дагы кимдир бирөөнө байланыштыруу жок. Президенттин форум жөнүндөгү сөздөрүндө «анда кимдер гана болгон жок» деп айтылган, өлкө башчысы аларды «анда кимдер гана болгон жок» деген сөз менен гана белгилеген жана доочулар аны танышкан эмес да, — деп түшүндүрдү Осмонова.

Ал президент «анда кимдер гана болгон жок» дегендин арасында укук коргоочуларды «калыстык менен гана белгилегенин» айтты. Осмонова Исмаилова дагы, Абдирасулова дагы президенттин тамсилдин каармандарына дал өзүлөрүн салыштыргандыктарын далилдеген жок деп эсептейт.

Ал Кыргызстандын каалаган жараны сыяктуу эле президент дагы өз оюн эркин айтууга укуктуу экенин жана Атамбаев укук коргоочулардын ар-намысын же ишкердик репутациясын кемсинтүүнү максат кылбагандыгын айтып түшүндүрдү.

— Өз оюн билдирүү эркиндиги негиз салуучу укук жана кол тийгис болгон адамдын, жарандын эркиндиги болуп эсептелет, ошондой эле ал демократиялык жана укуктук мамлекеттин маанилүү белгиси болуп саналат, — деди Осмонова.

— [Президенттин сөздөрү] жаманатты кылбай эле, а жоопкердин тигил же бул коомдук-саясий абалга карата, анын ичинде «Элдик парламент» деп аталган топтун аракеттери боюнча айтылган өз позициясын көрсөтөт», — деп улантты ал.

Осмонова президент атайылап жалган маалымат таратпаганын жана эч кимди кемсинтегенин, а болгону «доочулардын иши жана анын төлөнүшү жөнүндөгү өз пикирин» билдиргенин дагы бир жолу кайталады. Анын айтымында, Атамбаев укук коргоочуларды «Элдик парламенттин» өкүлдөрүнүн катарына киргизген эмес, ошондуктан алар жөнүндөгү сөздөр «өзүнчө бир абзацка» чыгарылган.

Осмонова сөзүн аяктады, эми кезек укук коргоочулардын суроо берүүсүнө келди. Исмаилова президент оозеки сөзүндө кантип кимдир бирөөнү «өзүнчө абзацка» бөлө ала тургандыгына кызыкты.

Жактоочу президенттин сөздөрүнүн жазуу түрүндөгүсүндө ал сөздөр өзүнчө абзац менен көрсөтүлгөнүн айтып жооп берди. Осмонова укук коргоочулар ал жазуу түрүндөгү вариантын өзүлөрү алып келгенин билдирди.

Тараптар талашып-тартышканча судья өз үстөлүн тартипке келтирип, андан соң ал учурду териштирүүнүн кандай мааниси бар экенин түшүнбөй жатканын билдирди.

Исмаилова менен Осмонова ага жооп таба алышпай, башка дооматтары жок экенин айтышты.

***

Отурумдун жүрүшүндө тараптар «грант берүүчү» жана «НПОчулар» деген сөздөрдүн аныктамалары боюнча да талашка түшүштү. Осмонова грант берүүчү — бул «гран берип жаткан тарап» деп жооп берди. Бирок ал «НПОчулар» деген сөздүн аныктамасын айтып бере алган жок, болгону НПОнун (бейөкмөт уюм) эмне экенин гана түшүндүрүп бере аларын билдирди.

Ismailova_Abdirasulova_miting

Андан соң Атамбаевдин жактоочусу президент «алардын бир гана максаты бар — Кыргызстанды туруксуздаштыруу» дегенде Исмаилова менен Абдирасулованы айтпаганын билдирди. Өз кезегинде укук коргоочулар президенттин этикалык кодексин сурашты, бирок аларга баш тартышты.

Соттон процесске Атамбаевди катыштырууну өтүнүүдөн чарчаган Абдирасулова отурум аягында жактоочу Алмаз Осмоновага президенттин аты-жөнү менен «Алмазбек Шаршенович» деп кайрыла баштады.

‒ Урматтуу Алмазбек Шершенович, бардык укук коргоочулардын арасынан эмнеге бизди гана атаганыңызды түшүндүрүп бериңизчи? — деп суроо салды ал.

‒ Мен буга чейин жооп бергем! — деди Осмонова.

‒ Жоопкер тарап, дагы бир жолу жооп берип коюңуз, — деди судья Кадылбаев.

‒ Президент «анда кимдер гана болгон жок» деген сөз айкашынан кийин ал жакта болгондордун атын айтып санап берген! Ал факт! — деп жооп берди Осмонова.

Абдирасулова Атамбаевдин эмне себептен форумдагы адамдардын баарын эмес, а Исмаилова экөөнү гана атаганын дагы бир жолу сурады. Анын бул суроосунан кийин отурум катышуучулары Атамбаевдин сүйлөгөну жазылган видеону көрүшүп, анын фразаны «жана башкалар» деп бүтүргөнүнө ынанышты.

Бул жактоочунун негизги далили болду, андан соң талаш-тартыштар аяктады.

Исмаилова отурумдагыларга ден соолугунун начарлап кеткенин билдирип, сот чечимин чыгарууну бир канча күнгө жылдырууну өтүндү. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Процесстин аягында Абдирасулова кызынын президентке жолдогон кайрылуусун окуп берди. Анда кызы апасынын кемсинтилишине жол бербей турганын жазган.

Судья доо арыздарды окуп, папканы жаап, бөлмөдөн чыгып кетти. Ушуну менен президент тараптан укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын ар-намыстарынын кемсинтилиши жөнүндөгү ишти талкуулоо аяктады.