Жалал-Абал облусунун Суук-Дөбө жайлоосуна түшкөн чагылгандан улам 120 кой кырылды.

Жалал-Абад облусунун Суук-Дөбө жайлоосуна чагылган 16-июнда түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Дүйшөбаев Kloop.kgге анын жыйынтыгында 120 кой кырылганын билдирди.

Ал кезде окуя болгон жерден алыс эмес жерде жүргөн Ак-Жол айылынын тургуну Аслан Жагашов чагылган түшкөн маалда жайытта 600гө жакын кой болгонун айтты.

«Катуу үн уктум. Качан чабан малга жакындаганда чагылган түшүптүр. Анда эчкилер менен койлорду кошкондо 600 башка жакын мал бар болгон», — деди ал.

Жагашовдун айтымында, айыл жашоочулары жегенге мүмкүн болгон кой эттерин алышкан.

«Калганын калтырдык, каргалар жеп жатышат», — деп кошумчалады ал.

Азырынча жергиликтүү администрациянын келтирилген зыяндын ордун толтуруп берээр-бербеси белгисиз. Жогорку жетекчиликтен да жоготулган малды компенсация кылып берүү тапшырмасы боло элек.

Койлордун ээлери аны «табигат кырсыгы» деп аташып, компенсация талап кылышпай эле.

ӨКМдин маалыматы боюнча, мындай учурлар тез-тез катталып турат — 2013-жылы чагылгандан Ош облусунда 355 кой кырылган.