Тажикстандын укук коргоо органдары 18-июнга караган түнү Хоженттеги түзөтүү абагынан качып кеткен үч кылмышкерди «зыянсыздандырышты». Алардын экөөсү өлтүрүлүп, бирөөсү жарадар болуп кармалды.

20-июнда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Тажикстандагы өкүлү кыргыз кесиптештерине Хоженттеги абактан качкан кылмышкерлердин үчөөсү тең «зыянсыздандырылганын» билдирди.

Кыргызстан ИИМинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге курган маегинде абактан качкандардын экөөсү өлтүрүлүп, бирөөсү жарадар болуп кармалганын билдирди.

Үч кылмышкер 18-июнга караган түнү Хоженттеги абактан качып чыгышкан. Алар 14 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылышкан тажикстандыктар — Мирзозариф Каюмов, Хабижон Юсупов жана Рамзуллохон Додохонов — болушкан.

Алардын экөөсү террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштары үчүн жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышкан.

Хожент милициясынын кызматкери «Азаттык» радиосунун тажик кызматына курган маегинде камактагылар абактын кызматкерлерине түн ичинде кол салышып, курал-жарактарын тартып алып качып кетишкенин билдирген.

Ошол эле күнү абактын кызматкерлери Каюмовду атып өлтүрүшүп, Юсуповду жарадар кылып кармашкан. А Додохонов из жашырып кетүүгө үлгүргөн.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги абактан качкандардын үчүнчүсүн колго түшүрүү үчүн аскердик бөлүктөрдөн атайын топ түзүп, укук коргоо органдарына жардам бергендерге акчалай сыйлык убадалаган.

Үч суткадан соң качкандардын үчүнчүсү Согди облусунун Ёва айылынын аймагынан табылган.

«[…] Абактан качкан Додохонов Рамзуллохон Журабоевич ок атуу куралы менен каршылык көрсөтүү маалында жок кылынды […]» — деп жазылган Тажикстан ИИМинин сайтында.

2010-жылдын августунда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан 25 адам качып кеткен. Алар 10 жылдан 30 жылга чейинки мөөнөткө соттолгондор болушкан. Орусиянын «РИА» агенттигинин маалыматы боюнча, алардын кеминде жетиси колго түшүрүлүп, төртөөсү жок кылынган.