Сүрөт: Бишкекте эл аралык йога күнү белгиленди

Эл аралык йога күнү борбор калаадагы парктардын биринде 21-июнда өттү. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага 400дөй адам катышты.

Бишкекте белгиленген йога күнүн Индиянын Кыргызстандагы элчилиги, “Алтын таж” Индия-Кыргызстан достугу коомдук фонду жана Бишкек мэриясы биргеликте уюштурду.

йога_26

“Алтын таж” фондунун директору Миррахим Токтогулов Кыргызстанда йога кербенин уюштуруп, аягында Бишкекте өтүп жатканын айтты.

йога_14 йога_16

“Кыргызстанда йога кербени уюуштурулган. 8-июнда сапар алып 18-июнда сапарыбыз аяактаган. Биз жети облусту кыдырып, ал жакка йоганын үйрөнүү техникасын көргөзүп келдик”, — деп билдирди ал.

йога_9 йога_13

Иш-чаранын максаты — кыргыз коомчулугун дени сак жашоого үндөө. Токтогуловдун белгилешинче, йогага кызыккан кыргызстандыктардын саны жыл сайын көбөйүүдө.

“Йога руханий жана тулку денени чыңдоочу механизм жана байыркы философиялык багыт болуп саналат. Бул кыргыз коомчулугуна да пайда келтирет деген ойдобуз. Учурда бул спортко кызыккандардын саны өтө эле көп, жылдан жылга өсүп баратат”, — деп эсептейт “Алтын таж” коомдук фондунун директору Токтогулов.

йога_7

Бул өтүп жаткан йога күнү Кыргызстанда экинчи жолу болуп жатат. Эл аралык йога күнүн Бириккен улуттар уюму 170 өлкөнүн колдоосу менен 2014-жылы кабыл алган.

Автору: Нуриса Максат кызы