18-июнда кармалган Сузак районундагы мечиттин имамы он жаштагы баланы зордуктап жүргөн деп айыпталууда. «Бир Дүйнө Кыргызстандын» укук коргоочулары укук коргоо органдарынан калыс иликтөөнү талап кылып жатышат.

21-июнда «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоо уюму кайрылуу жарыялап, анда Башкы прокуратурадан имамдар тарабынан зордукталган балдардын иштерин «өзгөчө көзөмөлгө алуусун» өтүндү.

Кайрылууга он жаштагы баланын апасы айылдык мечиттин 58 жаштагы имамы уулун эки айдан бери зордуктан келгендигин билдирген Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы окуя себеп болду.

Ал «Азаттык» радиосуна курган маегинде имам баласын бычак менен коркутканын билдирген.

«Алдап 50 сомдон пул берип да койчу экен. Айтпа, өлтүрүп коем деп коркутчу экен. Андай кылып жүргөнүн бирөө көрүп калып күйөөмө айтыптыр. Атасы болсо “эми коңшулар укса уят, болуптур, басты-басты кылабыз” дегенде, мен болбой милицияга бердим», — деген ал.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова мамлекет диний окуу жайлардын ишмердүүлүктөрүн көзөмөлдөө үчүн чараларды көрүшү керек деп эсептейт.

«[…] Бул радикалдуу исламдын таасири […] Биз исламга каршы күрөшүү керек деп айткан жокпуз, биз радикалдуу исламдашуу кыргыз коомун чулгап алды деп атабыз, өзгөчө аймактарда. Медресе сыяктуу андай жабык билим берүү мекемелеринде билимсиз гана адамдар иштебестен, фанаттык маанайдагы адамдар да иштешет […]», — деди ал.

Исмалованын айтымында, мыйзам бузган диний кызматкерлер «жазаланбаган бойдон» калууда. Ал балдарга карата сексуалдык зомбулук көрсөтүү учурлары көбөйүп жатканын, а адамдар сот адилеттигине жетүү мүмкүндүктөрүнө ээ эмес экендиктерин кошумчалады.

Бул молдо дагы, соттук медициналык эксперт дагы, тергөөчү дагы, милиционер дагы, прокурор дагы эркек болгон эркектик тилектештик, мунун баары бардык жерде жазасыздык жана адамдар сот адилеттигине жете алышпайт деген үй-бүлөлүк-кландык системанын картинасын берүүдө. Бул Кыргызстандын келечеги үчүн абдан коркунучтуу», — деди ал.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынан бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты. Муфтийдин ору басары Акимжан Эргешов Kloop.kgге окуя боюнча эч нерсе айтпай тургандыгын билдирди.

«Сузакта болгон окуя боюнча эч нерсе айтпайм, тергөө дагы деле уланып жатат жана азырынча эч нерсе далилдене элек», — деди ал.

18-июнда Сузак милициясы имамга каршы кылмыш ишин козгогон, бирок азырынча тергөөнүн жыйынтыктары белгисиз. Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурбек Жаныбеков Kloop.kgге зомбулук көрсөтүү фактысы аныкталганын айтты.

«Медициналык экспертиза баланын зордукталганын ырастады. Сузак райондук ИИБси кылмыш ишин козгогон жана учурда тергөө жүрүп жатат. ошондуктан мындан башка эч нерсе айта албайм», — деди ал.