22-июндан тартып Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик сайтынын расмий сайты жеткиликсиз болуп калды. Андагы жаңылыктар жазылган баракчалардын ордуна музыка менен коштолгон сайттын бузулгандыгы тууралуу жазуу пайда болду.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин расмий сайты 22-июнга караган түнү бузулду. Баракчаны ачканда жаңылыктардын ордуна өзүн h0rcux деп тааныштырган хакердин билдирүүсү пайда болууда.

«Хей, админ, кечирип кой, сенин сайтың мен тараптан бузулуп ачылды. Бирок дүрбөлөңгө түшпө, сенин маалыматтар базаң коопсуз жайда. Сен сайтты жасатууга акча төлөгөнсүң, бирок жыйынтыгы начар болуп чыкты. Сураныч, акча үчүн эмес, а өлкөң жана элиң үчүн иште. Сураныч, өзүңдүн системаңды корго», — деп жазылган анда англис тилинде.

Ал билдирүүгө ылайык, сайт Yogacardelink деп аталган хакерлер тобу жана индонезиялык програмисттердин күчү менен бузулган.

Маалыматтык коопсуздук борборунун жетекчиси Влад Ткачёв мамлекеттик түзүмдөрдүн сайттары жетишээрлик деңгээлде корголгон эмес, ошондуктан алар киберчабуулдарга оңой туш болушат деп эсептейт.

Анын пикиринде, сайтты бузгандар белгилүү бир максаттарды көздөшкөн эмес, а жөн гана өз күчтөрүн сынап көрүүнү чечишкен.

«Хакер бузган сайтта мекемеге каршы эч кандай коркутуу, эч кандай чакырык жок жана анда жазылган маалыматтык билдирүүгө караганда, ал чынында эле хакерлердин жыйындарында өз рейтингин жогорулатуу үчүн бир адамдын же топтун өз күчүн сынап көрүү аракети сыяктуу», — деди ал.

Программист сайт ээлери дайыма баракчаларын жаңылап, хакерлердин чабуулдарынын алдын алуу үчүн көз салып туруулары керектигин кошумчалады.

«Кыргызстандын сайттарынын 25 пайыздан ашыгынын алсыз жерлери бар. Бузууга болгон бардык аракеттер менен мүмкүнчүлүктөрдү минималдаштыруу үчүн биринчи кезекте дайыма сайтка көз салып, жаңыланууларды орнотуп туруу зарыл», — деди ал.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан Kloop.kgге сайттын бузулганы жөнүндө билбегендиктерин айтышты. Бирок кийинчерээк адистер көйгөйдү жоюунун үстүнөн иштей баштагандыктарын билдиришти.

Бул сыяктуу окуя 2012-жылдын май айында болгон, анда мекеменин сайты ирандык хакерлер тобу тарабынан бузулуп, баракчада «Кокаин» командасы тарабынан бузулду» деген жазуу пайда болгон.