Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктар айрым чиновниктердин «текебердигине» нааразы экендиктерин билдирди. Ал мамлекеттик кызматкерлерди жарандардын алдындагы жоопкерчилигин сезүүгө чакырды.

23-июнда Атамбаев мамлекеттик кызматкерлерди куттуктоосунда кыргызстандыктар чиновниктердин «моралдык-этикалык сапаттарына» жана «адеп-ахлагына» карата олуттуу дооматтарды айтып жаткандыктарын билдирди.

«Мамлекеттик кызмат – бул элге кызмат кылуу экенин унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин “бай-манаптык” кылык-жоруктары жана текебердиги коомубузда терс бааланып жатат», — деди президент.

Атамбаев мамлекеттик кызматкерлерди жарандардын алдында жоопкерчиликтүү болууга чакырып, алардын «адамдарга жардам берүүгө даяр болуусу керектигин» эске салды. Ал ошондой эле чиновниктерди сылык-сыпаа мамиле кылууга жана оор басырыктуу болууга чакырды.

«Мамлекеттик кызматтарда элибиздин татыктуу өкүлдөрү – адамгерчиликтүү, адептүү, чынчыл, өз ишин мыкты билген, мыйзамдарды сыйлаган жана аларды так аткарган, адамдардын көйгөйүн жүрөгү менен терең сезе билген жана аларга жардам берүүгө даяр инсандар иштеши керек», — деди ал.

Атамбаевдин «бай-манаптык кылык-жоруктар» жөнүндөгү сөздөрү социалдык түйүндөрдө жардамчылары кол чатыр кармап берип тургандыктары тартылган жогорку кызматтагы чиновниктердин сүрөттөрү популярдуу болуп, талкууга алынгандан кийин айтылууда.  

Биринчи сүрөт 2016-жылдын майында пайда болгон. Анда Чүй облусунун 90 жылдыгын белгилүү салтанатында Бишкектин прокурору Нурлан Сулайманкуловдун жардамчысы кол чатыр кармап берип тургандыгы тартылган.

1025786156

Кийинчерээк интернетте Ош облусунун губернатору Таалайбек Сарыбашевге кол чатыр кармап берип тургандыктарын тартылган дагы бир сүрөт пайда болгон.

1026340457

Мамлекеттик кызматкерлердин бул кылыгы кырнеттин колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан — айрым кыргызстандыктар алардын кылыгына карата нааразы болгон пикирлерин жазышса, башкалары #umbrellachallenge хэштеги менен кол чатырлуу чиновниктерди шылдыңга алган сүрөттөрдү жайгаштырып башташкан.