Он жаштагы баланы зордуктоого шектелип жаткан сузактык имам психиатралдык экспертизадан өтүп жатат. Учурда дин кызматкери убактылуу кармоочу жайда камакта.

Иштин материалдарына жакын милициядагы булак Kloop.kgге имам Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы он жашар баланын зордукталышы боюнча соттук-психиатралдык жана соттук-медициналык экспертизалардан өтүп жатканын билдирди.

«Экспертизалардын жыйынтыктары июлдун аягында гана келет, тергөө ошондо гана ишти сотко жөнөтөт. Бул биздин майзамдар боюнча сөзсүз жасалышы керек. Бирок ал баары бир жоопкерчиликтен кутула албаса керек», ‒ деп билдирди милициядагы булак.

Kloop.kgнин маектеши медициналык экспертиза сексуалдык зомбулуктун болгондугун көрсөтүп турган зыян келтирүүлөрдүн бар экенин ырастаганын айтты. Булактын маалыматы боюнча, учурда бала даарыгерлердин жана психологдордун көзөмөлүндө апасы менен ооруканада жатат.

Булак бала имамдын медреседеги окуучусу болбогондугун жана ага каршы козголгон кылмыш иши анын ишмердүүлүгүнө эмес, а баланы зордуктоо ыктымалдыгына гана байланыштуу экенин кошумчалады.

Тема боюнча: Сузактагы баланын зордукталышы: Укук коргоочулар калыс тергөөнү талап кылышууда

Сузактагы мечиттин имамы эки айдан бери он жашар баланы зордуктап келген деген шек менен 18-июнда кармалган.

Анын кармалышына баланын апасынын кайрылуусу себеп болгон — ал  айылдык мечиттин 58 жаштагы имамы уулун зордуктагандыгын билдирген. Баланын апасы «Азаттык» радиосуна курган маегинде имам уулун бычак менен коркутканын айткан.

«Алдап 50 сомдон пул берип да койчу экен. Айтпа, өлтүрүп коем деп коркутчу экен. Андай кылып жүргөнүн бирөө көрүп калып күйөөмө айтыптыр. Атасы болсо “эми коңшулар укса уят, болуптур, басты-басты кылабыз” дегенде, мен болбой милицияга бердим», — деген ал.

Басылма милициядагы өз булактарына шилтеме жасоо менен имам баланы зордуктаганын мойнуна алганын билдирди.

«АКИпресс» агенттигинин маалыматы боюнча, кармалган адам 2013-жылы айылдын имамы болуп дайындалган. Муфтияттын аймактык башкармалыгынын башчысы Абдулазиз Закировдун айтымында, мечиттин жамааты имамдын жүрүш-турушу тууралуу «жакшы пикирлерди айтышкан».

«Кармалган имам иштеген мечиттеги жамаат анын жүрүш-турушу тууралуу жакшы пикирлерди айтышты. Облустук казыят дагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат. Экспертизанын жыйынтыгына жараша имамдын ишмердүүлүгү боюнча чечим чыгарылат», — деп жазган «АКИпресс» анын айткандарын.