Укук коргоо органдары Ысык-Көл облусунун Бостери айылында мечит жумушчусун марихуана менен кармашты. Кармалган адам буга чейин уурулук үчүн соттолгон, а июндун башында баңгизат сактоо үчүн кармалган.

Ысык-Көлдүн милиционерлери 22-июнда мечиттин жумушчусун марихуана менен кармашты. Ысык-Көл облустук ИИБсинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кармалган адам буга чейин соттолгонун айтты.

«Ал мечитте иштейт, андагы иреттүүлүктү карайт, беш маал намаз окучу. Буга чейин уурулук үчүн бир канча жолу соттолгон, бирок иштөөсүн уланта берген. Анан ушул жылдын 9-июнунда 53 грамм марихуана менен кармалган. Бирок соттун чечими менен белгиленген аймактан чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган», — деди ал.

Усубакуновдун айтымында, мечит жумушчусу эми 185 грамм марихуана менен экинчи жолу кармалып отурат.

«Азыр убактылуу кармоочу жайда. Соттун чечими менен ал камакта калтырылат же белгиленген аймактан чыкпоо тил катынын негизинде бошотулат. Анын баарын сот чечет, азыр тергөө жүрүп жатат», — деп кошумчалады ал.

Теолог Кадыр Маликов эгер маалымат чын болсо, анда «дин кызматкерлеринин катарын тазалоо» керек деп эсептейт.

«Анын баңгизатка тиешеси бардыгы жөнүндөгү маалымат ырасталышы керек. Эгер анын тиешеси бар экендиги аныкталса, анда дин кызматкерлеринин катарын шариатты билгендиги боюнча эмес, а руханий этикалуулугу боюнча катаалдык менен тазалоо керек», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жаштар менен иштөө боюнча адиси Данияр Мурадилов «шайтан бардык адамдарды азгырат» деп эсептейт.

«Ал андай ишке барбаса жакшы болмок, а эгер андай кылган болсо анда ал дин кызматкери эмес. Анын чыныгы дин кызматкери экенинен күмөн санап жатам. Буга чейин соттолсоң мечитте кантип иштөөгө болорун билбейм. Бирок иштөөгө болбосо керек деп ойлойм, анткени мен жумушка орношуп жатканда соттолбогондугум жөнүндөгү маалымкат алып келип бергем», — деди ал.