Британиялыктардын жарымынан көбү Улуу Британиянын Евробиримдиктин курамынан чыгышы керектигин колдоп добуш беришти. Ал тууралуу кененирээк Kloop.kgнин материалынын окуңуздар.

«Брэкзит» деген эмне?

«Брэкзит» сөзү («Britain» — «Британия», жана «Exit» — «чыгуу» сөздөрүнөн келип чыккан) 2012-жылы, качан британиялык аналитикалык борбор аны өз твиттер-аккаунтуна жазгандан кийин кеңири колдонула баштаган.

Көп өтпөй аны менен Британиянын Евробиримдиктин курамынан чыгуу идеясын белгилеп башташкан. Кийинчерээк ал сөздү Улуу Британиянын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү пайдаланып калышкан. Жыйынтыгында «брэкзит» сөзүнө альтернатива катары «бремэйн» («Britain» — «Британия», жана «Remain» — «калуу» сөзүнөн келип чыккан) сөзү да колдонууга кирген.

«Брэкзит» үчүн добуш берүүнү ким сунуштаган?

Британиянын мындан аркы Европа биримдигиндеги мүчөлүгү жөнүндөгү жалпы элдик референдум өткөрүү идеясын Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмэрон 2013-жылы сунуштаган. Өз демилгесин Евробиримдикте реформаларды жасоо же Британиянын андагы мүчөлүгүнүн шарттарын өзгөртүү каалоосу менен негиздеген.

Ал «шарттарды өзгөртүү» дегенде төмөндөгүлөрдү айткысы келген: европалык мигранттардын Улуу Британиядагы социалдык кызматтарга жетүү мүмкүндүктөрүн чектөө, евронун жалгыз валюта болбошуна жетүү, европалык рынокту көзөмөлдөгөн эрежелердин санын азайтуу жана өлкөнүн биримдиктин башка өлкөлөрүнө каржылык жардам көрсөтүү милдеттенмесин алуу.

Ошол эле маалда Кэмерон — өлкөнүн Евробиримдиктин курамынан чыгуусуна каршы болгон.

«Брэкзит» качан өттү?

Британиянын Евробиримдиктеги мүчөлүгү боюнча жалпы элдик референдум 22-июнда өттү. Анын 23-июнь күнү белгилүү болгон жыйынтыктарына ылайык, «брэкзитти» добуш берген британдыктардын 52 пайызы колдогон.

Расмий маалыматтар боюнча, референдумга калктын добуш берүү укугуна ээ бөлүгүнүн 72 пайызы катышкан — бул акыркы он жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч.

Референдум кандай жол менен өттү?

Добуш берген жарандар бюллетендеги эки суроонун биринин маңдайына кичинекей крест белгисин коюшу керек болгон. Алар: «Бириккен Королдук Европа биримдигинин мүчөсү болуп калышы керекпи?» жана «Бириккен Королдук Европа биримдигинен чыгышы керекпи?».

Британиянын мындан аркы тагдырын аныктоо үчүн бул эки суроонун бири жарандардын добуштарынын 50 пайыздан ашыгына ээ болушу керек болчу.

Референдумга чейин эмне болгон?

Референдумга чейин британ коому экиге бөлүнүп калган. Жарымы өлкөнүн Евробиримдик курамынан чыгуу идеясын колдошкон, а калган бөлүгү ага каршылыгын билдиришкен. Ошондой эле өлкөнүн саясий ишмерлеринин пикирлери да бир тараптуу болгон эмес.

«Брэкзитти» колдогондор өлкөнүн Евробиримдикте мүчө болуп турушу анын экономикасынын өсүүсүн жайлатып, анын өз чек араларын көзөмөлдөөсүн ишке ашыруусун чектеп жаткандыгын билдиришкен.

Өз кезегинде «брэмэйнди» колдогондор тескерисинче, анын биримдикте мүчө болуп турушу өлкөнүн экономикасынын өсүүсүнө шарт түзүп жатат, анткени ал анын өз товарларын европалык өлкөлөргө сатуусун жеңилдетет деп эсептешкен.

Акыркы төрт айдан бери Улуу Британияда үгүт өнөктүктөрү өтүп келген, анда башкы ураандар Leave («Чыгуу») жана Remain («Калуу») болгон.

«Брэкзит» эмнелерге таасир этет?

The Economist басылмасынын иликтөө бөлүмүнүн аналитиги Алекс Найс Британия Европа биримдигинен чыккандан кийин дароо эле өзгөрүүлөр болбойт деп эсептейт. Анын пикиринде, «брэкзит» европалык эмес өлкөлөргө жакшы таасир этиши мүмкүн.

«Келечекте Британия Евробиримдикке кирбеген өлкөлөр менен мамилелерин жакшыртууга аракет кылат деп божомолдоого болот. Демек, кандайдыр бир майда жумшактык кылууларды күтүүгө болот, бирок узак убакыттан кийин», — деди ал.

«Брэкзиттин» кесепети визалык режимди киргизүү болушу мүмкүн, деп эсептешүүдө Би-би-синин журналисттери.

Алар учурда өлкөдө эч кандай документтерсиз эле жашап жана иштеп жүргөн Евробиримдикке мүчө башка мамлекеттердин жарандары үчүн Британия бийлиги виза режимин киргизиши мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Айтымдарында, бул алардын жылып жүрүүлөрүнө таасир этет.

«Брэкзиттин» каршылаштары өлкөнүн Евробиримдиктин курамынан чыгышы учурда европалык рынокко багытталган Британиянын экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептеп жатышат. Алардын пикирлеринде, ажырым товар алмашуунун азайтып, салыктарды көбөйтүү жана чыгымдарды азайтуунун эсебинен ордун толтурууга туура келе турган «бюджеттеги жыртыктарды» жаратышы ыктымал.

«Брэкзитке» кандай реакция кылышты?

«Брэкзитке» карата ар түрдүү реакциялар болду. Германиянын вице-канцлери Зигмар Габриэль өзүнүн твиттер-аккаунтуна бул «Европа үчүн жаман күн» деп жазды.

Франциянын «Улуттук фронт» партиясынын лидери Марин Ле Пен тескерисинче, референдумдун жыйынтыктарына кубанды.

«Эркиндик жеңди! Мен көп жылдардан бери айтып келе жаткандай, биз ушундай эле референдумду Францияда жана Европа биримдигинин башка өлкөлөрүндө да өткөрүшүбүз керек», — деп жазды ал.

Орусия бийлиги бул боюнча расмий позициясын билдирген жок, бирок Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Александр Баунов Орусияда «брэкзитти» «жактырышат» деп эсептейт.

«…орусиялык дипломатиянын кыялы ар бир европалык ири өлкө менен өз-өзүнчө мамиле куруу. Кремлде бирдей күчтөр өз ара сүйлөшүшүп, бири-бирин колдоп же тескерисинче бири-бирин тизгиндеп турган Европадагы XIX же ХХ кылымдын башындагыдай абал жөнүндө кыялданышат», — деди ал Euronewsка курган маегинде.

Референдумдун демилгечиси болгон премьер-министр Дэвид Кэмерондун өзү 24-июнь күнү эртең менен отставкага кете тургандыгы жөнүндө билдирди. Ал өз чечимин Европа биримдигинин курамында калуу идеясын колдоп келгендиги менен түшүндүрдү.

«Улуу Британиянын эли Европа Биримдигинен чыгууну колдоп добуш берди жана алардын пикирин сыйлоо керек. Улуу Британия элинин каалоосу — аткарылышы керек болгон нускама», — деп билдирди ал.

Эми эмне болот?

Европа биримдигинин курамынан чыгуу үчүн Улуу Британия биримдикке кайрылып, сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Бийлик биримдик өкүлдөрү менен биримдик курамынан чыгуу жана андан аркы өз ара мамилелер боюнча маселелерди талкуулашы зарыл. Бул жол-жоболор эки жылга чейинки убакытка созулушу мүмкүн.