Куралдуу адам Фирнхайм шаарындагы кинотеатрда 23-июнь күнү күндүз ок чыгарган. Окуя болгон жерге барган жергиликтүү полиция менен атайын багыттагы топтун кызматкерлери кол салган адамды атып өлтүрүштү. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кинотеатрдагылардын эч кимси жараат алган эмес.

Германиянын батышында жайгашкан Фирнхайм шаарындагы кол салуу 23-июнда болду. Куралдуу адам Kinopolis кинотеатрында ок чыгарып, андагы адамдарды барымтага алган.

Федералдык ички иштер министри Гессен Петер Бойт журналисттерге окуя болгон жерге барган полицейлер менен атайын багыттагы топтун кызматкерлери кол салган адамды «зыянсыздандырышканын» билдирди.

Германияда полициянын атайын багыттагы тобу болжолдуу түрдө Фирнхайм шаарындагы кинотеатрлардын бирин басып алган куралдуу адамды жок кылды», — деп жазды Deutsche Welle анын айткандарын.

Deutsche Welle кол салуу маалында кинотеатрда 30-40 киши бар болгонун жазды. Кинотеатрдын кызматкерлеринин биринин айтымында, кол салууга чейин кылмышкер имараттан чыга турган эшиктердин бардыгын жабууну талап кылган, бирок анын ичиндеги айрым адамдар качып чыгууга үлгүрүшкөн.

CNN телеканалы жергиликтүү ЖМКларга шилтеме жасоо менен 25 киши жараат алганын билдирди. ИИМ башчысынын айтымында, барымтага алынгандардын эч кимиси жабыркаган эмес.

Каналдын кабарчысы андагы адамдар полиция колдонгон көздөн жаш агызчу газ менен ууланган болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, кол салган адамдын террорчул топтор менен байланышы болгон эмес.

«Биздин колубуздагы маалыматтар боюнча, ал кинотеатрда ары берип чуркап, өзүн туура багыттан адашкан адамдай алып жүргөн», — деп билдирди ИИМ башчысы Петер Бойт.

Азырынча европалык ЖМКлар окуяны теракт деп аташкан жок.