Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу 23чү жана 24-июнь күндөрү Ташкентте өттү. Андагы эң кызыктуу жана башкы нерселер — Prisma тиркемесинин жардамы менен жасалган комиксте.

Өзбекстандын борборунда Орусиянын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери жолугушту.

Shos_comic_8

Мааракелик саммитке даярдануу Өзбекстан үчүн приоритеттүү маселе болду. Бийлик бардык түзүмдөрдү аракетке келтирип, меймандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коңшу өлкөлөр менен болгон чек арасын жапты.

Shos_comic_6

Өлкөлөрдүн лидерлери он бешинчи жолугушууну саясий, экономикалык жана маданий кызматташууларды талкуулоого арнашты.

Shos_comic_2

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү сыяктуу коопсуздук маселелерине көңүл бурду.

«Кыргыз тарап региондо туруксуздукка алып баруучу факторлор көбөйүп, террористтик жана экстремисттик топтор күчтөнүп жатканда кызматташтыктын, чек ара боюндагы аймактардагы бири-бирине болгон ишенимдин жана жалпы чек араны тынчтыктын жана достуктун чек арасына айландыруунун актуалдуулугу ого бетер өстү деп эсептейт», — деди Атамбаев.

Shos_comic_3

Атамбаев кесиптештерине ШКУ банкынын башкы кеңсесин Бишкекке жайгаштырууну сунуштады. Ал Кыргызстан кеңеште төрагалык кылып жатканын, ошондуктан башка катышуучулардын колдоосуна үмүт арта турганын айтты.

Shos_comic_10

Саммитке мүчө өлкөлөрдөн сырткары жыл сайын өтчү жолугушууга дагы алты мамлекеттин өкүлдөрү катышышты.

ЖМКлардын маалыматтары боюнча, быйыл катышуучулар уюмга дагы эки өлкөнүн — Пакистан менен Индиянын кабыл алынаар-алынбасы маселесин чечиши керек.

Shos_comic_1

Shos_comic_4

Shos_comic_7

Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорж Байкалдын куймасы эсептелген Селенга дарыясына ГЭС кура турганын билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин ГЭСтин курулушу Иркутск облусун суу менен камсыз кылууга жана Байкал көлүнүн экологиясына коркунуч жарата турганын айтты. Ал Монголияга жетишсиз электр энергиясынын ордун толтуруп берүүнү убадалады.

Shos_comic_5

Путин Кытайга ЕАЭБ менен соода-экономикалык кызматташууну сунуштады. Анын айтымында, ага инфраструктуралык долбоорлордун өнүгүүсү түрткү берет — Улан-Батор темир жолун модернизациялоо жана автоунаа менен жүк ташуу рыногунун кеңейиши.

Орусия президенти өлкөлөр ортосундагы соода байланыштарынын бекемделишине бажы текшерүүлөрүнүн жөнөкөйлөштүрүлүшү да түртү болорун кошумчалады.

Кытай компартиясынын төрагасы Си Цзиньпин чек аралар аралык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу керектиги менен макул болду.

Shos_comic_11

Shos_comic_9