Бишкектин Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу имараттын чатыры 23-июнь күнү кечинде күйүп баштаган. Өрт болжол менен саат 19:30да тутанып, кийин имараттын жогорку кабаттарына жана коңшу жайгашкан үйгө өткөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча, каза болгондор жок.

Өрт болжол менен саат 19:30да Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу имараттын чатырында башталган.

Окуя болгон жерде жүргөн Kloop.kgнин кабарчысынын байкоосу боюнча, өрт чатырда тутанып, андан соң имараттын акыркы кабаттарына өткөн. Кийинчерээк өрт коңшу үйгө да жеткен.

Өрткө күбө болгон Максат коңшу үйдө жашайт. Ал алгач күйүп жаткан үйдүн чатырынан кара түтүн чыкканын, андан соң болжол менен жарым сааттан кийин чоң от пайда болуп, өрт өчүрүүчүлөр келгенин билдирди.

«Ал үйдүн жашоочуларынын көбү анда өрт болуп жатканын аягына чейин билишкен жок — жогору жакта өрт болуп жаткан, а төмөнкү кабаттын жашоочулары өрт болуп жатканын билишкен эмес», — деди ал.

Өрт өчүрүүчүлөр өрт чыккан жерге жетишти, бирок өрттүн өзү өчүрүлүп бүтө элек. Жакынкы аймак курчоого алынды, эч кимди имаратка жакын жолотпой жатышат.

Имаратка ээлик кылган «Борсан» курулуш компаниясынын өкүлү учурда окуя болгон жерде жүргөнүн, бирок кандайдыр бир түшүндүрмө бере албастыгын билдирди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эльмира Шерипова «Фэйсбуктагы» баракчасына имараттагы өрт тууралуу билдирүү 20:35те келип түшкөнүн жазды. Анын айтымында, учурда өрт толук өчүрүлдү.

«Өрттүн кесепеттерин жоюу (урандыларды алуу) иштери уланып жатат, өрттү өчүрүүгө он топ тартылган. Имарат Г формасында курулган, жарым бөлүгүндө жашоочулар бар. Өрт эч ким көчүп кире элек бөлүгүндө болгон, анда курулуш иштери жүрүп жаткан», — деп жазды ал.

Шерипованын айтымында, өрт каптаган жердин аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзгөн.

Буга окшогон кырсык 2016-жылдын февралында болгон. Анда борбордун Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аягына чейин курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдүн чатырында өрт чыккан. Ал өрттүн келип чыгуусуна электр зымдарынан чыккан жалын себеп болгон.

Видео: Дмитрий Мотинов, Азамат Каработоев, Даниил Ляпичев, Тилек Бейшеналиев