Активист Жеңиш Молдокматов балдарга карата зомбулук көрсөтүү үчүн өлүм жазасын киргизүүнү колдогондор бир жылдын ичинде 19 миң кол топтогондуктарын билдирди. Алар эгер парламент тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл албаса митингдерди өткөрө тургандыктарын убадалашууда. Укук коргоочулар тергөөдө адилетсиздиктер болушу мүмкүндүгүн айтышып, өлүм жазасын киргизүүдөн баш тартууга чакырып жатышат.

Балдарга зомбулук көрсөткөндөрдү өлүм жазасына тартуу петициясы 2015-жылдын майынан бери 19 миң кол топтоду. Бул тууралуу «Күчтүү үй-бүлө — күчтүү мамлекет» кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди.

Ал Kloop.kgге курган маегинде жакынкы убактарда тарапташтары менен биргеликте кол койгондордун санын 30 миңге чейин жеткирүүнү пландап жатканын айтты.

«Биз парламентке 11 миң колду тапшыргандан кийин токтогон эмеспиз, анткени бачабаздык маселеси курч бойдон калууда. Позициябызды, парламентке болгон талаптарыбызды бекемдөө үчүн кол топтообузду андан ары улантканбыз», — деди ал.

Молдокматов эгер депутаттар активисттердин кайрылууларын көңүлгө алышпаса, анда алар Жогорку Кеңештин алдына тынчтык демонстрацияларга чыга тургандыктарын кошумчалады.

«Эгер маселе бир орунда эле тура бере турган болсо, анда биз Ак үйдүн алдына митинг өткөрүү ыктымалдыгын жокко чыгарбайбыз», — деди ал.

Кыргызстандын Конституциясы шайлоочуларга мыйзамдык демилгелерди көтөрүп чыгуу укуктарын берет. Анын 79-беренесинде элдик демилге үчүн 10 миң кол топтоо жетиштүү экендиги жазылган.

Кыйноого алынган адамдардын укуктарын коргоо менен алектенген «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилова өлүм жазасынын киргизилишине каршы болууда.

Ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде Кыргызстан «жазалоо чараларын» кайтарып келүүнүн ордуна реформаларды жасашы керектигин билдирди.

«Жогорку жазалоо чараларына тартылган адамдардын көбү аябагандай катуу кыйноолордон өтүшкөн. Биз өткөндөгүгө кайтып барууну эмес, а реформаларды күтүп жатабыз. Соттун жаңылыштыктары, тергөөнүн каталары болот. Судья, прокурор, сот аткаруучу тууган болуп чыккан корпоративдик-кландык системалар болот. Ошондуктан мындай чакырыктар коркунучтуу», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дарылоо-профилактикалык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Бообекова өлүм жазасы балдарды зордуктагандардын көйгөйүн чечпейт деп эсептейт.

«Ал көйгөй тескерисинче, жашырынып, коомго тереңдеп кетет», — деди ал.

2016-жылдын майында парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Кыргызстанда балдарга карата зомбулук көрсөткөн адамдарга өлүм жазасын киргизүүнү сунуштаган.

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров зордукчулдарды гана эмес, а балдарды өлтүргөндөрдү да өлүм жазасына тартуу керектигин билдирген.

«Акча бар жерде бардык иштер жабылат. Ата-энелери акча иштеп табуу үчүн чет өлкөлөргө кетишет, а балдары бул жакта зордук-зомбулуктарга кабалып жатышат. Мен өлүм жазасын киргизүү идеясы менен макулмун, бирок бачабаздарга карата гана эмес, а зордукчулдар менен балдарды өлтүргөндөр үчүн дагы», — деп билдирген ал.

2015-жылы активисттердин тобу өлүм жазасына киргизилген мораторийди жоюу демилгеси менен чыккан. «Кыргыз журтум» коомдук фонду балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу үчүн өлкөнүн түштүгүндө кол топтоону демилгелешкен.

Кыргызстанда өлүм жазасы 2007-жылы жоюлган, а ага киргизилген мораторий 1998-жылдан бери иштеп келген.

Кыргызстанда акыркы жолу балдарга карата зомбулук көрсөтүү учуру 2016-жылдын июнунда катталган. Анда милиция 10 жаштагы баланы зордуктап жүргөн деген шек менен Сузактагы мечиттин имамын кармаган.

Анын кармалышына баланын апасынын кайрылуусу себеп болгон — ал  айылдык мечиттин 58 жаштагы имамы уулун зордуктагандыгын билдирген. Ал «Азаттык» радиосуна курган маегинде имам уулун бычак менен коркутканын айткан.

«Алдап 50 сомдон пул берип да койчу экен. Айтпа, өлтүрүп коем деп коркутчу экен. Андай кылып жүргөнүн бирөө көрүп калып күйөөмө айтыптыр. Атасы болсо “эми коңшулар укса уят, болуптур, басты-басты кылабыз” дегенде, мен болбой милицияга бердим», — деген ал.

Басылма милициядагы өз булактарына шилтеме жасоо менен имам баланы зордуктаганын мойнуна алганын билдирген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда камакта.