Ош милициясы 28-июнга караган түнү шаар жолдоруна чыгып жарамазан айтып жүргөн 38 мектеп окуучусун кармады. Милиционерлер балдар жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин өткөрүшүп, андан соң аларды үйлөрүнө кое беришти.
Милиция кызматкерлери Оштун көчөлөрүндө жарамазан айтып жүргөн 38 баланы кармашты.
Ош шаардык ИИБсинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Kloop.kgге кармалган балдардын курагы 5 жаштан 12 жашка чейин экенин билдирди. Айтымында, кичинекей балдар менен өспүрүмдөр милициянын атайын рейдинин жүрүшүндө кармалышкан.
«Рамазан айы башталганда биз балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында «Түн, өспүрүм» аталышындагы рейд өткөргөнбүз. Жашоочулар менен айдоочулар кечинде балдар жолдорго чыгып, жарамазан айтышып, тоскоолдуктарды жаратып жаткандыктарын айтып бир нече жолу даттанышкан», — деди ал.
Ал кармалган балдардын баары тең мектептерде окуй тургандыктарын кошумчалады. Алардын эң улуусу — 6-класстын окуучусу.
«Алар түнкүсүн чоң кишилерсиз өз алдынча сейилдеп, жолдордун автоунаалар өтчү бөлүктөрүнө чыгып жатышат. Айрымдары жол чырагын күтүп токтоп турган унаалардын жанына чейин барышат. Аларды унаа сүзүп, же кимдир бирөө уурдап кетсе эмне болот? Биз жарамазан айтууга тыюу салбайбыз, коңшуларына же туугандарыныкына барып айтышсын, а жолдо түрдүү кокустуктар болуп кетиши мүмкүн», — деди ал.
Кармалган балдар «Эрезеге жете элек өспүрүмдөрдүн реабилитация жана адаптация борборуна» жеткирилишип, «түшүндүрүү иштерин» өткөрүү үчүн ал жакка ата-энелери чакырылган.
«Андан соң мындай кылууга болбой тургандыгын айтып, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин өткөрдүк. Мындан ары мындай болбосун деп эскертүү берип, тилкат жаздырып алдык. Андан кийин аларды кое бердик», — деди ал.
Kloop.kgнин редакциясы бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн кармалган балдар жана алардын ата-энедери менен байланыша алган жок.