Бишкектин Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевди күнөөлүү деп тапты. Ага карата 100 миң доллар өлчөмүндөгү пара алгандыгы үчүн 14 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиевдин иши боюнча сот отуруму 28-июнда болду.

Биринчи май райондук соту аны «Пара талап кылуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Судья Арпачиевге карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 14 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

«Азаттык» радиосу билдиргендей, Арпачиевдин жактоочусу Айбек Касымов соттун чечими боюнча жогорку баскычтарга даттана турганын айткан. Ал үчүн коргоо тарапта 10 күндүк убактысы бар.

Арпачиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 100 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен 2015-жылдын мартында кармалган.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз борбору билдиргендей, Кылычбек Арпачиевге каршы кылмыш иши УКМКга жеке ишкер кайрылгандан кийин козголгон. Ишкер өз арызында кылмыш ишин токтотуу үчүн башкы тергөөчү андан 200 миң доллар талап кылып жатканын жазган.

Анда башкы прокурор Индира Жолдубаева Арпачиевдин кармалышы ал тарабынан жактырылганын билдирген.