Балыкчы шаарынын чиновниги мамлекеттин балансындагы «Инспектор Чеколаев» кемеси жоголгонун билдиргенден кийин жергиликтүү тургундар аны издөө иштерин баштоону талап кылышкан.

28-майда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик «Инспектор Чеколаев» кемеси мекеменин балансына которулганын жана учурда Чолпон-Атада турганын билдирди. Кеме мамлекеттин менчигинде жана браконьерлерди колго түшүрүүдө, ошондой эле көлдүн түбүн тазалоодо пайдаланылат.

Мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Салайдин Камалдинов Kloop.kgге курган маегинде Балыкчы шаарынын жашоочулары буга чейин билдиришкендей «Инспектор Чеколаев» кемеси жоголбогонун айтты.

«Инспектор Чеколаев» кемеси 2015-жылы Биосфералык аймактар дирекциясынын балансынан Республикалык жаратылышты коргоо борборунун (Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин) балансына берилген. Учурда ал Чолпон-Ата шаарындагы казыкта турат», — деди Камалдинов.

Ал ошондой эле кеме бир канча убакыт оңдоодо болгонун, анткени 2006-жылы иштебей калып, 2014-жылга чейин Балыкчы шаарында турганын белгиледи.

«Өткөн жылы аны ӨКМ менен биргеликте көлдүн түбүн тазалоодо суучулдар пайдаланышкан. Эгер аны менен эч нерсе болбосо быйыл да Ысык-Көлдүн түбүн тазалоодо пайдалануу пландалып жатат. Кеме биздин агенттиктин балансында жана аны жалпы милдеттер үчүн пайдаланышат — браконьерлерди колго түшүрүү, көлдүн түбүн тазалоо жана илимий максаттар», — деди ал.

27-июнда «Турмуш» басылмасы Балыкчы шаарынын тургундары «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын башкы дирекциясынын жетекчилигине кайрылып, мурда Балыкчыда турган кеменин каякта экендигин тактап берүүнү талап кылгандыктары жөнүндөгү макала чыккан.

«Турмуштун» журналисттери макалада биосфералык аймак дирекциясынын (буга чейин кеме ушул мекеменин балансында болгон) жетекчилигинин кемени «таппай жаткандыктарын» айткан сөздөрүн келтиришкен.

«Ал [кеме] сууда жыйынтыктарды берчү. Биз кемени таппай жатабыз, антпесе эчак эле браконьерлерге каршы күрөшүү иштерин жүргүзөт элек», — деп жазган басылма анын айткандарын.

«Ярославец» тибиндеги кеме Орусияда өндүрүлгөн жана Ысык-Көлгө 90-жылдардын башында алынып келинген. «Инспектор Чеколаев» деген аталыш ага Балыкчы шаарынын эмгек сиңирген жаратылыш коргоочусунун атынан коюлган.