29-июнда Бишкектин Свердлов райондук соту №50 абактан качкандардын үчөөсүнө карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

2015-жылы абактан качкан Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов жана Болот Курбанахунов Кылмыш кодексинин он беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Алар абактан качуу, укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүү, ошондой эле экстремисттик материалдарды алуу, даярдоо жана сактоо үчүн соттолушту.

Алардын иши боюнча сот отуруму 29-июнда болуп, Свердлов райондук соту баарына карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ошондой эле соттолгон үчөөнү Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка 34 миң сом берүүгө милдеттендирди.

Абактан качкандар менен бирге сот дагы эки кишини — Максат Абдрахманов менен Нурсият Рыспековду төрт жылга эрктеринен ажыратты. Алар качууну уюштурууга жардам берүүгө жана абактан качкандарды жашырууга күнөөлүү деп табылышты.

Соттолгон Эдил Абдрахмановдун апасы Zanoza маалымат агенттигине курган маегинде соттун чечими боюнча даттанбай турганын айтты.

«Мен тиешелүү түзүмдөрдүн бардык баскычтарына бардым […] Бирок мени эч ким уккан жок, уккулары да келишкен жок. Эгер соттун чечими боюнча даттана турган болсом, андан кайрадан эле убактым менен нервимди коротом. Баарын Кудайга койдум», — деген ал.

№50 абактан качуу

2015-жылдын октябрында Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 тергөө абагынан тогуз кылмышкер качып кеткен.

Ошол эле түнү алардын бешөөсү колго түшүрүлгөн — көп өтпөй кармалгандардын үчөөсү белгисиз себептерден улам абакта каза болушкан. Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматтары боюнча, алардын экөөсү жүрөк жетишсиздиги менен жабыркашкан, а үчүнчүсүнүн баш сөөгүндө жаракаты бар болгон.

Качуу маалында алар абактын үч кызматкерин өлтүрүшкөн, дагы бирөөсүн — Тилек Абылгазиевди оор жарадар кылышкан. Ал алган жарааттарынан улам көп өтпөй ооруканада каза болгон.

Абактан качкандардын үчөөсү — Данияр Кадыралиев, Азамат Мүсүралиев жана Алтынбек Итибаев колго түшүрүү операцияларынын жүрүшүндө атылып өлтүрүлүшкөн. Милициянын версиясы боюнча, алар каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Дагы алтоосу кармалышкан, бирок алардын үчөөсү — Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжекулов — жүрөк жетишсиздигинен улам абакта каза болушкан.

№50 абактан кылмышкерлердин качып кетиши коомдук резонанс жараткан. Окуядан кийин №50 абактын кызматкерлери массалык түрдө жумуштан алынышкан.

Бир айдан соң абактын башчысы Иманкул Телтаевди №1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүндө асынып алган жеринен табышкан. Ал ал жакка кылмышкерлер качкандан кийин 11-ноябрда камалган болчу.

Сүрөт: «Азаттык»