Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Исландиянын президенти Оулавюр Рагнар Гримссонго телеграмма жөнөтүп, аны өлкө курамасынын англиялыктардын үстүнөн жеңишке жетишкендиги жана футбол боюнча Европа чемпионатынын чейрек финалына өткөндүгү менен куттуктады.

Атамбаев Исландиянын президенти Оулавюр Рагнар Гримссонго жолдонгон куттуктоо катында исландия курамасынын оюнуна суктанганын жазды.

«Командалык күчтүү дем, кооз оюн, күйөрмандардын укмуштуудан колдоосу терең урматтоо менен суктанууну жаратат», — деп жазылган катта.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан Атамбаев Исландия башчысына бекем ден соолук, бейпилдик жана жаңы жеңишерди каалаганын билдиришти.

Буга чейин Атамбаев футбол боюнча Германия курамасы 2014-жылы Бразилияда өткөн дүйнө чемпионатында биринчи орун алганда Германиянын канцлери Ангела Меркелди куттуктаган.

Анда президент германиялык спортчулар «кооз жана укмуштуудай оюн көрсөтүү менен дүйнөнүн күчтүү футболчулары наамына татыктуу жеткендиктерин» белгилеген.

«Исландия — Англия» беттеши

Исландия жана Англия курамаларынын ортосундагы беттеш 27-июнда болуп, анын жыйынтыгында исландиялыктар англиялыктарды 2:1 эсебинде утуп алышкан. Оюн эсебин алгачкылардан болуп Англия курамасынын оюнчусу Уэйн Руни ачканы менен, эки мүнөттөн кийин исландиялык футболчу Рагнар Сигурдссон оюн эсебин теңегенге жетишкен.

Дагы 10 мүнөттөн кийин ал экинчи голду жаратып, командасына жеңишти алып келген. Оюн соңуна чейин эсеп өзгөрбөй, Исландия командасы Европа чемпионатынын чейрек финалына жолдомо алган. Эми алар жарым финалга өтүү үчүн мелдеш ээси эсептелген Франция курамасы менен беттешишет.

Ал беттеш Англия курамасынын күйөрмандарын капалантты, а команданын башкы машыктыруучусу Рой Ходжсон оюн бүтөөрү менен отставкага кете тургандыгын билдирди. Исландия курамасы үчүн команданын чейрек финалга чыгышы өлкөдөгү эң башкы окуя болуп калды, анткени курама буга чейин Евронун финалдык бөлүгүндө ойноп көргөн эмес.

Орусиянын «Медуза» басылмасынын маалыматы боюнча, өз командасын колдоо үчүн Францияга 30 миң исландиялык күйөрман барган, бул өлкөнүн жалпы калкынын дээрлик он пайызын түзөт. Футболдук беттештерди көрүү үчүн айрым жашоочулар чиркөөдөгү жөрөлгөлөргө да барбай калышкан.

«Исландия — Англия» беттеши футбол күйөрмандары менен социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында исландиялыктардын экинчи голунан кийин үнү бүтүп калганча кыйкырган эмоционалдуу комментатор Гудмундур Бенедиктссондон улам да популярдуу болуп калган. Ал оюнду баяндап жатып Англиянын дарбазасына гол киргизген футболчунун атын айтып кыйырып, аягында чыйылдап жиберген.