Дизайнер Жумагүл Сариева көчмөндөрдүн салттуу чапанын гардеробдун саркеч буюмуна айландырды. Ал жылуу жана оор пальтону уникалдуу оймолору бар көрүнүктүү саркеч плащ кылып иштеп чыккан.

2016-жылдын майынан июлуна чейин дизайнер Жумагүл Сариева Американын Сан-Францискосу менен Франциянын Страсбургунда көргөзмөлөрдү өткөрүп, дүйнөгө кыргыздардын салттуу кийими эсептелген чапан менен кебезден капталган пальтонун заманбап айкалышын тааныштырды.

01

Анын авторлугундагы чапандар кийимдердин кылымдарды карыткан салттуу стилдери менен заманбап стилдеринин эффективдүү жана көрүнүктүү айкалышы менен өзгөчөлөнүп турат.

«Эгер чапандарыбыздын биз менен бирге азыркы заманда да жүрүшүн кааласак, анда биз аны стилдештирип, көрүнүшүн өзгөртүшүбүз керек. Менимче, стандарттардан өтө эле четтеп кетебизби деп өз идеяларыбыздан коркпошубуз керек. Бул деген стиль жана албетте ал убакыттын өтүнү менен өзгөрөт», ‒ деди дизайнер.

Сариеванын заманбап чапандары жеңилдетилген формадагы көрүнүштө — алар дүйнөлүк моданын акыркы тренддери боюнча каптаган кебезден тигилет. Эми бул формасыз таар эмес, а этнографиялык мотивдер менен моданын акыркы фасондорун бириктирген жакшылап ойлонулган үлгүлөр. Чапандардын көбү дизайнерлик көйнөктөр же жеңил жеңсиз күрмөлөргө окшоштурулуп тигилет.

Акыркы коллекциясынын түстөрүнүн гаммасы жумшак-кызгылттан башталып, бирюза түстүүсү менен аяктайт, анткен менен дизайнер жумшак түстөр менен гана чектелбейт.

02

Ал башка коллекцияларында ачык жана кочкул түстөр менен эксперимент жүргүзөт. Автордун акыркы коллекциясы Европа менен Азияда сыйлыктар менен байгелерге ээ болгон. Франциянын Страсбургундагы мода жумалыгында чапандардын эркектерге ылайыкташтырылган үлгүлөрү көрсөтүлгөн. Көрсөтүүгө катышкандан кийин Сариеванын авторлугундагы чапандар Страсбург мода жумалыгындагы мыкты эмгектердин каталогуна киргизилди.

Дизайнер кезектеги жолу ар бир өзүнчө вариант үчүн уникалдуу оймолорду ойлоп таап, кездеме менен иштөөдө. Бир үлгүнүн үстүнөн иштөөгө эки айга жакын убакыт талап кылынышы мүмкүн.

«Ар бир кардарга өзгөчө оймолорду жасоого аракет кылабыз. Бул абдан түйшүктүү жумуш […]. Мен адамдын мүнөзүн анализдейм, анан эскиздери пайда боло баштайт», ‒ дейт Сариева.

Тигүүнүн жаңы технологияларынын аркасы менен чапан тыш кийимдин бардык мезгилге ыңгайлаштырылган элементи болуп калды. Аны кардардын каалаган табитиндеги бут кийимдер менен аксессуарларга оңой эле айкалыштырып коюуга болот. Чапандардын формасы менен фактурасын дагы табитке жана каалоого жараша тандап алууга болот.

Чапандардын баалары алты миң сомдон башталат жана тапшырыктын оордугуна жараша болот.

05

Эми булар абдан суук күндөрү жылыта турган оор чапандар эмес, а жеңил жана бардык мезгилде кийүүгө ыңгайлуу болгон динамикалуу плащтар. Көк, жашыл, алтын түстүү жана жумшак-кызгылт, чапандар аркасында илмектери бар көлөмдүү дагы, ошол эле маалда түрдүү оймолору бар кууш кылып тигилет.

03

Мурда чапанды эркектер менен катар эле аялдар да кийимдеринин сыртынан кийишкен. Тыш кийимдин бул түрү Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана Ооганстанда популярдуу болгон. Салттуу чапандар кебезден же ичине кебез төшөлгөн төөнүн терисинен тигилген, а сыртына баркыт же кездеме саймаланган.

Видео: Тилек Бейшеналы уулу, Азат Рузиев