3-июлда болгон Ирактын борбору Багдаддагы эки жардыруунун жыйынтыгында кеминде 165 киши каза болуп, 200ү жараат алышты. Кол салууга жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» тобу өзүнө алды.

Кыскача:

— Багдаддагы эки жардыруу 3-июлда болду — мина коюлган автоунаалар шаардын борборунда жана түндүк бөлүгүндө жардырылган.

— Кол салуунун жыйынтыгында кеминде 165 киши каза болуп, 200ү жаракаттарды алышты. Куткаруучулар дайынсыз болуп жаткан 35 кишини издөө иштерин улантып жатышат.

— Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» тобу өзүнө алды.

— Премьер-министр Хайдер Абади борбордо кол салууга жол берген атайын кызмат өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну убадалады.

— Дүйнө коомчулугу согушкерлердин аракеттерин айыптап, терроризмге каршы биргеликте күрөшүүгө чакырышты. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ирактын президенти Фуад Масумга көңүл айтты.

Толугу менен:

Биринчи жардыруу Багдаддын борборундагы кыймыл көп болгон Эль-Каррада районунда болгон — ресторандын жанынан жанкечтинин башкаруусундагы мина коюлган жүк унаасы жарылган.

Анын жыйынтыгында 90дон ашык киши каза болуп, 200ү жаракаттарды алышкан. Адамдардын бир бөлүгү жарылуудан кийинки өрттөн жабыркашкан.

Reuters эл аралык маалымат агенттиги жарылуу кеминде төрт имаратты, анын ичинде ири соода борборун да зыянга учуратканын билдирди.

Көп өтпөй экинчи жардыруу болгон — Багдаддын түндүк бөлүгүндөгү Аш-Шааб районунда. Ал беш кишинин өмүрүн алып кетип, дагы 16 адамды жарадар кылган.

Агенттиктин маалыматы боюнча, эки райондо тең жашагандардын басымдуу бөлүгүн шииттер түзүшөт, анткен менен Эль-Каррадда христиан коомчулугу жашайт жана бир канча суннит мечиттери да бар.

Ирактын полициясы каза болгондордун арасында кеминде 15 кичинекей бала бар экенин билдирүүдө. Би-би-си жардыруулардын курмандыктарынын жалпы саны 165 кишиге, а жаракат алгандардыкы 200гө жеткенин билдирүүдө. Франциянын Франс Пресс агенттигинин маалыматы боюнча, каза болгондордун саны 200гө жетти.

Окуя болгон жерде дагы деле жашоочуларды урандылар арасынан чыгарып жаткан куткаруучулар иштеп жатышат.

«Би-би-си» жергиликтүү органдарга шилтеме кылуу менен курмандыктардын саны боюнча бул кол салуу эң масштабдуусу болгонун жазды. Басылманын маалыматы боюнча, ал бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн өмүрлөрүн алып кетти.

Ал ошондой эле жашоочулар бийликти аракетсиздикке айыптагандыктарын да жазды. Агенттик күбөлөргө шилтеме жасоо менен топтолгон эл жардыруу болгон жерге келген чиновниктин автоунаасына кол салууга аракет кылып, аны көздөй пластик бөтөлкөлөрдү ыргыткандыктарын билдирди.

Ирактын премьер-министри Хайдер Абадинин өзү жардыруулар буга чейин «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлеринин көзөмөлүндө болгон Эл-Фаллуджи шаарын бошотуу боюнча бийликтин операциясына жооп болгонун билдирди.

Окуядан кийин ал ирактыктарга кол салууга жол берген атайын кызмат өкүлдөрү менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тарта тургандыгын убадалады.

Топтун өзү эки жардыруу үчүн тең жоопкерчиликти өзүнө алды.

Дүйнө коомчулугунун реакциясы

Эл аралык коомчулук менен өлкө башчыларынын бардыгы тең окуяны айыпташты. Бириккен Улуттар Уюмунун Иракка жардам берүү боюнча миссиясынын башчысы Ян Кубиш «Ислам мамлекети» «өлтүрүүгө, майып кылууга жана деморализациялоого» аракет кылып жатканын билдирди.

Ал ошондой эле мындай жол менен топ акыркы айларда өкмөттүк күчтөр тарабынан өлкөнүн батышындагы Анбар провинциясынын Рамади жана Эль-Фаллуджи шаарларын бошотуусундагы жоготуулары үчүн өч алууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев каза болгондордун туугандары менен жакындарына көңүл айтты. Ирактын президенти Фуад Масумго жолдогон телеграммасында ал терроризмдин бардык формалары менен көрүнүштөрүн айыптар турганын айтты.

«Багдад шаарында адам курмандыктарына алып келген теракт тууралу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасы террорчулуктун бардык көрүнүшүн кескин айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт», — деп жазды ал.

Ошондой эле Ирактын башчысына Франциянын президенти Франсуа Олланд менен Орусиянын президенти Владимир Путин да көңүл айтышты.