3-июлда Талас дарыясындагы суунун деңгээли жогорулап, дамбанын бир бөлүгүн жууп кетти. ӨКМдин маалыматы боюнча, аны калыбына келтирүү үчүн жарым миллион сом талап кылынат.

3-июль күнү эртең менен Талас облусунун Долоно айыл аймагындагы нөшөрлүү жаандан кийин Талас дарыясындагы суунун деңгээли жогорулап кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, суу 100 куб метрге чейин көтөрүлүп, «Барчын» балдар лагеринен алыс эмес жердеги 20 метр дамбаны жууп кеткен.

ӨКМдин Талас облусундагы бөлүмүнүн кызматкери Улан Доулбеков Kloop.kgге суу лагердин имаратын зыянга учуратпаганын жана жергиликтүү жашоочулардын үйлөрүнө чейин жетпегенин билдирди.

Анын айтымында, бийлик калыбына келтирүү иштерин баштады — облус администрациясы жээктерди кум менен бекемдөөгө киришкен.

Зыянга учураган дамбаны толугу менен калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллион сом талап кылынат. Талас облусунун бийлиги дамбанын бузулган бөлүгүн июлдун аягына чейин реконструкциялап, дагы беш жаңы дамба курууну пландап жатат. Анткени суунун көлөмүнүн максималдуу деңгээлге көтөрүлүшүнөн беш айылдын жашоочулары жабыркашы мүмкүн.

ӨКМдин Талас облусундагы бөлүмүнүн маалыматы боюнча, акыркы жолу Талас дарыясындагы суунун көлөмү максималдуу көрсөткүчкө 17-июнда жетип, нөшөрлүү жаандан улам 200 куб метрге чейин көтөрүлгөн. Анда суу агымдары бир канча айылды бириктирип турган жети көпүрөнү бузуп кеткен.

Эртеси Талас дарыясы Тараздын жашоочуларынын 100гө жакын жашоочусунун үйүн каптап, Казакстандагы газ түтүгүнүн таянычын жууп кеткен. Анын айынан Кызылкайнар жана Жасуркен айылдарынын 650 жашоочусу газсыз калышкан.

Сүрөт иллюстрацияланган