5-июлда Бишкек менен Оштун аянттарында Рамазан айынын аяктагандыгына байланыштуу айт намазы окулуп, ага 20 миңден ашык киши катышты.

Жамгырлуу аба ырайына карабастан Бишкекте 10 миңден ашык жана Ошто 10 миңге чукул киши майрамдык айт намазын окушту.

Бишкектеги айт намаздын фейсбук-трансляциясы:

Мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктап, ибадатын аткаруу үчүн Бишкектеги аянтка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен шаар мэри Албек Ибраимов да келишти.

Айт намазы башталганга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушев сөз сүйлөп, мусулмандарга Рамазан айын майрамдоонун чыныгы маанисин эске салды.

«Биздин ата-бабаларыбыз ислам динин карманып келишкен. Азгырыктар менен динсиздерге карабастан алар салт-санаалары менен ислам динине бекем турушкан. Кудайга шүгүр, Кыргызстан — кыз беришип, уул үйлөнткөн, бирге иштеп, бири-бирин сыйлаган, өздөрүнүн улуттук салттарын эсинен чыгарбаган көп улуттуу өлкө […]», — деди ал.

Оштун аянтына чогулгандарды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев куттуктап, «жаштардын руханий тарбиясынан кам санабай эле койсо болорун, анткени шаарда мектептерден мечиттердин саны көп экенин» белгиледи.

01

02

03

04

05

06

08

Айт намазы аяктагандан кийин Ошто 2010-жылдагы апрель революциясынын курмандыктарын эскеришти. Ошондой эле шаардын борбордук аянтына кайыр-садака үчүн кутучалар орнотулган.

09

10

11

12

osh_ayt_main

Соавтор: Сайёдбек Нусратуллаев