4-июль күнү кечинде Мединада жайгашкан Пайгамбардын мечитинин жанындагы жардыруудан төрт коопсуздук кызматкери каза болуп, дагы беш киши жаракат алды.

Мединадагы ири ыйык жерлердин бири болуп эсептелген Пайгамбардын мечитинин жанындагы жардыруу 4-июль күнү кечинде, миңдеген зыяратчылар шам намазына чогулган кезде болгон. Эл аралык Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, андан төрт коопсуздук кызматкери каза болуп, дагы беш киши жаракат алган.

Басылма жардыруунун алдында коопсуздук кызматкерлери мечитке жакындап келген шектүү адамды байкагандыктарын жазууда. Алар анын жанына барган кезде жанкечти белине байланган жардыруучу затты ишке киргизген.

Окуяга күбө болгон Кари Яияд Пателдин айтымында, мечитке келгендердин көбү жардыруунун үнүн күнүмдүк орозо кармоо убактысынын аяктагандыгын билдирчү забиректин атуусу катары кабыл алышкан.

«Жер силкинип кетти. Имарат кулап кетчүдөй сезилди», — деп билдирген ал Associated Press агенттигине курган маегинде.

Жардыруудан кийин дароо эле Сауд Аравиясынын Ички иштер министрлиги тергөө иштерин баштап, коопсуздук чараларын күчөттү — мечиттин кире бериштерине кошумча блокпосттор менен текшерүү жайлары орнотулган. Комплекстин тегереги толугу менен курчоого алынган, анткен менен мечит адаттагыдай режимде ишин улантууда.

Бул 4-июлда Сауд Аравиясында болгон төртүнчү кол салуу. Мурдараак эки жардыруу Эль-Катиф шаарындагы борбордук мечитте болсо, дагы бир жардыруу Жидда шаарында орун алган. Анда жанкечти өзүн АКШ консулдугунун жанында жардырган. Болдолдуу маалыматтар боюнча, ал жардыруулардан эч ким жабыркаган эмес.

Би-би-си өткөн ай ичинде Сауд Аравиясынын шаарларында 26 кол салуу болгонун эсептеп чыккан. Ислам кызматташуу уюмунун башкы катчысы Ияд бен Амин Маданинин пикиринде, кол салуу ыйык Рамазан айында «королдуктагы абалды туруксуздаштыруу аракети» болуп эсептелет.