Беш жыл учкандан кийин «Джуно» космос кемеси Күн системасындагы эң чоң планета эсептелген Юпитердин орбитасына чыкты. Ал Жерден 2,8 млрд чакырым алыстыкка учкан эң тез объекттердин бири болуп эсептелет.

4-июлда Американын NASA космос агенттиги өзүнүн твиттер-аккаунту аркылуу атмосферанын түзүмүн изилдеген дүйнөдөгү экинчи космостук аппарат Юпитерге чейин учуп жеткенин билдирди.

2011-жылдын августунда NASA тарабынан АКШнын Флоридасынын атлантикалык жээктеринен учурулган «Джуно» космос кемеси Күн системасындагы эң чоң планета эсептелген Юпитердин пайда болушун, атмосферасын жана курамын изилдейт.

NASAнын пландары боюнча, космос кемесинин ишинин максаты планетанын магниттик жана гравитациялык талааларын деталдуу изилдөөт. Ал ошондой эле атмосферадагы суунун көлөмүн өлчөп, Юпитердин ядросунда «оор» (суутек менен гелийден оор) негиздин жаткан-жатпаганын аныктайт.

«Джунонун» изилдөөчүсү Стив Левин аппараттын ишиндеги эң негизги нерсе — бул планетадагы муздардан суунун үлгүсүн алуу деп эсептейт.

«Музда чогултулган маалыматтардын жардамы менен күндөн алыс жерде планетанын кантип калыптангандыгын аныктоого мүмкүн болот», — деп билдирген ал 30-июндагы маалымат жыйынында.

«Джунонун» толук кандуу изилдөө иши 2016-жылдын октябрында башталып, 2018-жылы аяктайт — космос кемеси планетага беш миң чакырымга чейин аралыкка жакындап, аны 37 жолу айланып чыгат. NASAнын маалыматы боюнча, кеме өз миссиясын аткаргандан кийин Жерге маалыматтарды жиберип, өзүн өзү жок кылат.

Беш жылдык учуусунда «Джуно» эки жолу рекорд коюуга жетишкен: ал күн батареясы менен 2,8 млрд чакырымдан ашык аралыкты учуп өттү жана Жерге салыштырмалуу ылдамдыгын саатына 250 миң чакырымга чейин жеткирген.

«Джуно» учурулганга чейин Юпитердин орбитасында «Галилео» космос кемеси болгон. Ал 1995-жылы Юпитердин орбитасына чыгып, ал жакта 2003-жылга чейин иштеген.

Станция сегиз жылдык изилдөө ишинин жүрүшүндө Жерге 30 гигабайт маалымат жөнөткөн, анын ичинде планета менен анын спутниктеринин 14 миң сүрөтү, ошондой эле Юпитердин атмосферасы жөнүндөгү уникалдуу маалыматтар бар. Юпитерде иштеген алгачкы кемеге 1610-жылы Юпитердин төрт спутнигин ачкан окумуштуу Галилео Галилейдин аты берилген.

Миссиясы аяктагандан кийин Жерден планетанын спутниктерине микроорганизмдерди алып барбасын деген максатта ал саатына 50 чакырым ылдамдык менен Юпитердин атмосферасына багытталып, анын жогорку катмарларында эрип кеткен.