Футболчулар Александр Кокорин менен Павел Мамаевдин Монте-Карлодогу эс алуусу тартылган видео жарыялангандан кийин аларга өз клубдары тарабынан айып салынды. Тасмада спортчулардын клубда Орусиянын гимнинин коштоосунда меймандарга кымбат шампан алып келип жаткан официанттардын курчоосунда кальян чегип жаткандыктары көрүнүп турат.

5-июлда Монакодогу орус журналынын кызматкери Алеся Чуракова-Дорвард aliceinwonderland_mс деген ник менен Instagramга кыска видео жарыялаган. Анда орусия курамасынын футболчулары Александр Кокорин менен Павел Мамаевдин Монте-Карлодогу клубдардын биринде кальян чегип отургандыктары, а алардын айланасында официанттар Орусиянын гимнинин коштоосунда бенгаль шамдары менен меймандарга шампан алып келип жаткандыктары тартылган.

«Эхо Москвы» радиостанциясы футболчулар анда «эмгек өргүүсүнүн башталганын» белгилегендиктерин билдирди. Басылманын маалыматы боюнча, спортчулар андагы адамдардын бардыгын бир бөтөлкөсү 500 евро болгон Armand de Brignac шампаны менен сыйлашкан.

«Мындай жүрүштү антикризистик деп айтууга таптакыр болбойт: анын бир бөтөлкөсүнүн эле баасы Орусиянын аймактарындагы эки айлык эмгек акынын суммасына жакын — беш жүз еврононун айланасында. Официанттардын айтымдарында, кеченин аягына чейин меймандар 25 куту шампан ичишкен», — деп жазды «Эхо Москвы» өз сайтына.

Спортчулар эс алган клубдун ээси Флавио Бриаторе Lenta.ru агенттигине кечени футболчулардын өзүлөрү эмес, а алардын мекендештери уюштурганын билдирген.

Кокориндин өзү Lenta.ruга курган маегинде шампанга башка адамдар буйрутма беришкендигин жана Орусиянын гимнин музыкалык коштоо катары пайдалангандыктарын билдирди.

«Ал кеченин эсебине, анда болгон нерселерге биздин эч кандай тиешебиз жок, ал эми ЖМКларда айтылып жаткан суммага шампан гана эмес, а ал клубдун өзүн толугу менен сатып алууга мүмкүн болчу», — деди ал.

Футболчулардын төгүндөөсүнө карабастан «жөнсүз жүрүш-турушу» үчүн деп аларга айып салынды — Орусиянын Кокорин ойногон «Зенит» жана Мамаев ойногон «Краснодар» клубдары футболчуларды командалардын экинчи курмына өткөрүштү.

«Зенит» футболдук клубу оюнчусу Александр Кокориндин катышуусундагы окуяга байланыштуу иренжүүсүн билдирет. Тилекке каршы, көпчүлүк учурларда орусиялык футболчулар чектен чыкпоо сезиминин жана коомдук жерлерде өздөрүн алып жүрүү маданиятынын жоктугунан улам чуулуу окуяларга туш болуп калышат», — деп жазды РБК басылмасы клубдун билдирүүсүн.

Кураманын Францияда өтүп жаткан Евро-2016дагы жакшы эмес оюн көрсөтүүсүнүн фонунда спортчуларды социалдык түйүн колдонуучулар да айыпташты. Команда тайпалык беттештерде Англия курамасы менен тең чыгып (1:1) жана Словакия (2:1) менен Уэльске (3:0) утулуп, өз тайпасынан чыга албай калган болчу.