Испания соту «салык төлөөдөн качкандыктары» үчүн каталониялык «Барселона» клубунда ойногон аргентиналык футболчу менен анын атасына карата 21 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Камак мөөнөтүнүн эки жылдан аз болгонуна байланыштуу Месси абакка камалбашы мүмкүн, бирок ал 2 млн евро өлчөмүндөгү айып пул төлөп берүүгө милдеттүү болот.

Футболчу атасы менен бирге жармалык келишимдерден түшкөн кирешелерин Белиз менен Уругайдагы офшор компаниялар аркылуу жашырып салык төлөөдөн качкан деп айыпталган.

Соттун версиясы боюнча, мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасы төрт миллион евродон ашык — футболчу Adidas, Pepsi жана Danone сыяктуу ири бренддер менен түзүлгөн жарнамалык келишимдеринен салык төлөгөн эмес.

Испания соту Мессиге карата 21 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды, бирок ал шарттуу мөөнөткө алмаштырылышы мүмкүн, деп жазды Reuters эл аралык агенттигинин Мадриддеги өкүлчүлүгү.

«Испания мыйзамдарына ылайык, эки жылдан кем болгон жаза мөөнөттөрү сыноо баскычына өткөрүлүшү мүмкүн, ошондуктан Месси менен атасы абакка камалбайт болуш керек», — деп жазды агенттиктин испан кабарчысы Ангус Бервик.

Агенттиктин маалыматы боюнча, сот ошондой эле футболчуну 2 миллион еврого жакын, а атасын 1,5 миллион евро өлчөмүндөгү айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Футболчунун өзү сот отурумунда кирешелерине эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

«Мен футбол ойноп жүргөм, эч нерсе билбейм», — деди Месси.

Лионель Месси — азыркы замандын мыкты футболчуларынын бири, 2011-жылдан 2016-жылга чейин Аргентина курамасынын капитаны, Испаниянын «Барселона» клубунун чабуулчусу. 2014-жылы анын курамасы финалда Германияга 0:1 эсебинде утулуп, Футбол боюнча дүйнө чемпионатында экинчи орунга ээ болгон. Өзүнүн футболдук карьерасында ал Эл аралык футбол федерациясынан (FIFA) беш жолу «Алтын топ» алган.

«Барселонанын» курамында Месси Испания чемпионатынын сегиз титулун жана Чемпиондор лигасынын кубогун төрт жолу утуп алган.

Футболчу Аргентина курамасынан 2016-жылдын июнунун аягында, командасы футбол боюнча Америка кубогунун финалында Чили курамасына утулуп калгандан кийин кеткен.

Авторлор: Анна Лелик, Айжамал Идирис