Франциялык фотосүрөтчү жана режиссёр Бенжамин Мартини саякаттоо үчүн сөзсүз барып келүү керек болгон жерлер жөнүндө айтып берген трэвэл-блог жазат. 2016-жылдын майында ал Кыргызстанга келип, өлкө жөнүндө кыска тасма тарткан.
Француз саякатчысы өзүнүн кыска тасмаларында көрүүчүлөрдү табигый атмосферага чөмүлтүүгө аракет кыла турганын айтат. Өзүнүн Кыргызстан жөнүндөгү тасмасында Бенжамин Мартини өлкөнүн ажайып жайларын жана кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосун көрсөткөн.
Айтымында, туристтер Кыргызстанга анын жаратылышы, маданияты, адамдарынын меймандостугу, тамагынын даамдуулугу жана кымбат эмес саякаты үчүн келип кетиши керек.
Материалдын түп нускасы автордун баракчасына жарыяланган
Укмуштуудай кыргыз жаратылышы
Бир жутум таза аба керекпи? Кыргызстан — бул силерге керек болгон жердин дал өзү! Бул өлкөнү дагы «Борбордук Азиянын Швейцариясы» деп да аташат, анткени анын аймагынын 80 пайызын Тянь-Шандын тоо кыркалары ээлеп турат.
Бирок силер мында тоолордон башка дагы көптөгөн башка пейзаждарды көрө аласыңар: бийик тоолордогу бөксө дөбөлөрдү, кар баскан чокуларды, каньондорду, көлдөрдү, анын ичинде чоңдугу боюнча дүйнөдө экинчи турган тоолуу Ысык-Көлдү дагы. Кыргызстан — бул саякаттоо, ат минип сейилдөө жана лыжа тебүү үчүн идеалдуу жер.
Жагымдуу жана меймандос кыргыз эли
Кыргызстанда көчмөн маданияты мурдагыдай эле терең тамыр жайган, балким алардын болуп көрбөгөндөй меймандостугунун себеби да ошондон улам чыгаар. Кыргыз эли — ак көңүл, абдан ачык жана дайыма тамагы менен бөлүшүүгө же сиз менен ичүүгө даяр.
Арзан саякат
Кыргызстанга барып келүүгө көп акча талап кылынбайт. Мына, андагы баалардын бир канча мисалы:
Парижден Бишкекке учуу (билетти акыркы учурларда сатып алгам) 300 еврону түздү;
Беш кишиге гид жалдоо үчүн жаныңда 35 евро болуш керек. Бул бир күнгө, эртеден кечке чейин;
Кыргызстанда айдоочулар бир күнгө 15 евро алышат;
Жергиликтүү хостелдер менен үйлөрдө түнөө 4 еврону түзөт;
Жергиликтүү көчмөн үй-бүлөлөр тарабынан даярдалган түшкү тамак 3-4 евро болот;
Бишкектеги элиталык ресторанда түштөнүү 10-15 еврону түзөт.
Даамдуу тамак
Мен эки жума ичинде биринчи жолу ушунча көп тамак жедим. Мен мындай санды жана сапатты күткөн эмесмин! Кыргыз ашканасы көпчүлүк жагынан коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Казакстандын ашканасы менен окшоштуктарга ээ. Тамакка кошулган нерселер менен аларды даярдоо ыкмалары көчмөн элдердин тарыхын көрсөтөт. Бирок бул вегетариандар үчүн анча жакшы эмес жер экенин мойунга алуу керек, анткени мында тамактардын көбү койдун, уйдун, айрым учурларда жылкынын эттеринен жасалат.
Кызыктуу маданий мозаика
Кыргызстанда маданий мозаиканы бардык жерден кезиктирүүгө болот. Ал эмес башка маданияттардын (уйгур, лунган, өзбек жана орус) түрдүү тамактары менен айкалышкан кыргыз ашканасында да.
Өлкөдө көптөгөн улуттардын өкүлдөрү жашашаш — 80ден ашык. Албетте, саны боюнча эң чоң топ болуп этникалык кыргыздар. Кыргызстандын түндүгүндө орустар топтолгон — алар калктын тогуз пайызга жакынын түзүшөт, а түштүгүндө — өзбектер көп — 14,5 пайыз. Алардын сырткары дунган, уйгур, тажик, казак жана украиндер да бар.
Кыргызстанда негизги дин катары ислам дини эсептелгени менен православ чиркөөлөрүн да көрүүгө болот.
Кыргызстан — эки тилдүү өлкө: анда кыргыз жана орус тилдеринде сүйлөшөт, а калкынын 14,4 пайызы өзбек тилинде сүйлөйт, бирок ал тил расмий тил болуп эсептелбейт.
Соавтор: Алмаз Эшбаев