5-июлда «Фэйсбук» социалдык түйүнүндө #ЯНеБоюсьСказати хэштеги менен украин кыз-келиндери эркектер тараптан жасалган зомбулуктар жөнүндөгү жеке окуяларын айткан флешмоб башталды.

Интернет-флешмоб кичинекей кезинде жана өспүрүм курагында туш болгон сексуалдык зомбулуктар жөнүндө жазган журналист жана жарандык активист Анастасия Мельниченконун билдирүүсүнөн кийин башталган.

«Мен бүгүн биздин, аялдардын айтышын каалайм. Көбүбүз башыбыздан өткөргөн зомбулуктар жөнүндө айтышыбызды каалайм. Биздин «мен чак түштө спорттук кийим менен жөн эле бара жаткам, а мени баары бир алып кетишти» деп актанбашыбызды каалайм. Анткени биз актанбашыбыз керек. Биз күнөөлүү эмеспиз, дайыма зомбулук кылган адам күнөөлүү. Мен айткандан коркпойм. Өзүмдү күнөөлүү деп да сезбейм», — деп жазган ал.

Толук эмес үч күндүн ичинде #ЯНеБоюсьСказати флешмобу чоң масштабдарга жетти — Украинанын «Вгороде» жаңылыктар порталынын маалыматы боюнча, тэгдин ар мүнөт сайынкы жаңылануусунун саны 80ге чейин жеткен.

Украиналык кыз-келиндер сексуалдык зомбулуктар жана асылуулар жөнүндө айтып жатышат. Алар тааныштары, жакындары жана үч-бүлө мүчөлөрү тарабынан зомбулуктарга кабылгандыктарын билдиришүүдө.

«Жазсамбы же жазбай эле койсомбу деп көпкө ойлондум. Менин жашоомдо беш гана киши билген бир окуя бар. Мен биринчи жолу сегиз жашымда жакын тууганым тарабынан жасалган сексуалдык зомбулукка туш болгом. Мага кээ бирде аны унутуп калганымдай сезилет, бирок азыр колдорум калтырап, дем алуум оорлоп баштады», — деп жазган Марина Герз аттуу колдонуучу.

Башка колдонуучулар андай окуялардын авторлорун колдоп, сооротуп жатышса, зомбулуктарга туш болуп, бирок өз окуялары жөнүндө айтуудан коркуп жаткандар кошуу белгисин жазып жатышат.

«Мен 5 же 6 жашымда аталаш байкемдин бачабаз экенин билгем. Ал армияга барып келгенден кийин ошондой болуп калган. Анан ошондон тарта менин балалыгым бүттү», — деп жазды Юлия Полунина-Пут.

«Мен 11демин. Үйдө ооруп жатам. Ата-энем жумушта. Жездем, тагыраагы таежемдин күйөөсү кирип келди. Мас. Менин жалгыз экенимди түшүнүп, асылып оозумду издеп, тер баскан колу менен шымды чечип баштады. Мен аны тизем менен жылдырганда биринчи жолу жумурткага тебүүнүн кандай натыйжалуу экенин түшүнгөм. Эң жаманы албетте, зомбулук да эмес. А апамдын реакциясы: «самадуравиновататыегоспровоцировалаачтоскажутсоседи». Азыр кызым чоңоюп жатат. Аны мага ишенүүгө үйрөтүп жатам. А мен ага ишенүүгө үйрөнүүдөм», — деген Анна Баранкина.

Флешмобго карата Украинанын эркектери тараптан ар түрдүү реакциялар болууда — алардын бир бөлүгү зомбулуктардан жабыр тарткан аялдардын өзүлөрү күнөөлүү экенин жазышкан:

«Бул аялдардын иррационалдуу жана деструктивдүү экендиги жөнүндөгү менин теориямды гана далилдөөдө. Силер жолборстун алдында эт менен булгалап, анан ал силерге тийбешин каалайсыңар. Бул деген нонсенс. Дагы жакшы үй жолборсторунда ал инстинкт начар. 300 жыл мурда кайсыл бир кыз сейил багында ушунтип бейгам басып жүрсө көрөт элем, 100 пайыз зордуктап кетишмек», — деп жазды Володя Свидзинский аттуу колдонуучу.

Башка колдонуучулар андай окуялардын мынчалык көп экенине таң калышып, көйгөйдүн ушунчалык масштабдарын күтпөгөндүктөрүн жазып атышат.

«Алар абдан көп экен. Мен аялдардын ушунча көп сексуалдык зомбулуктарга туш болорун эч качан элестетип да көргөн эмесмин. Бул тозоктун тозогундай. Мен анын бар экенин түшүнгөм, бирок анча көп экенин билген эмесмин… Муну менен бир нерсе кылуу керек…», — деп жазды Борислав Береза деген колдонуучу.

Билдирүүлөрдүн көбү украин тилинде жарыяданып жатат. Орус жана англис тилдүү колдонуучулардын да зомбулуктар жөнүндөгү өз окуяларын жарыяласын деп «Фэйсбукта» — #ЯнебоюсьСказать жана #IamNotAfraid деген хэштегдерди ишке киргизишти.