6-июлда Орусиянын РБК басылмасы президент Владимир Путин 1-июлдан бери эл чогулган иш-чараларга катышпаганын жана бардык иш сапарларын токтотконун жазды.

РБКнын маалыматы боюнча, бир жума ичинде Орусия президенти Владимир Путиндин пландалган үч иш сапары болгон: туризмге арналган Алтай крайындагы жыйынга баруу, Якутсктагы аймактар аралык конференцияга катышуу жана Новгородго баруу.

Басылма Кремлдеги жеке булактарына шилтеме жасоо менен ал сапарлардын бардыгы тең токтотулганын жазды.

«Орусия президенти Владимир Путин ушул жумага белгиленген аймактарга баруу иш сапарларынын бардыгын токтотту, деп билдиришти РБКга Кремлге жакын үч булак. Маектештер иш сапарларынын токтотулгандыгынын себептери жөнүндө айтышкан жок», — деп жазды басылма.

Журналисттер Орусия президентинин акыркы жолу эл алдында өткөн иш-чараларга 1-июлда катышканын байкашкан — анда ал өзүнүн финн кесиптеши Саули Ниинистё менен жолуккан.

Акыркы үч күн ичинде Кремлдин расмий сайтында президенттин аймактар башчылары менен жолуккандыгы жөнүндөгү отчёттор гана жарыяланууда.

Акыркы жолу Путин иш-сапарларын 2015-жылдын мартында токтотуп, эл алдына он күн бою чыккан эмес. Анда да Кремлдин басма сөз кызматы анын жолугушуулары тууралуу отчётторду жарыялап турган. Кийинчерээк ЖМКлар ал жолугушуулардын алдын ала жазылып коюлгандыгын аныктап чыгышкан.

Орусиялык жана эл аралык басылмалар президенттин күтүүсүздөн жоголгондугу боюнча түрдүү божомолдоолорун жазышкан. Анда уулунун төрөлгөндүгүнөн улам эмгек өргүүсүнө чыкканынан тарта анын өлүмү жана Кремлде төңкөрүш болгондугуна чейинки версиялар айтылган.

Басылмалардын бир бөлүгү, анын ичинде Би-би-си дагы Путиндин эл алдына чыкпай жатышынын себептери орусиялык оппозиционер Борис Немцовдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдошкон.

Он күндөн кийин Путин пайда болуп, Санкт-Петербургда Алмазбек Атамбаевди кабыл алган. Ал жолугушуу түрдүү жоромолдорго чекит койгон, бирок Путиндин жок болуп кетишинин себептери белгисиз бойдон калган. Путиндин өзү эмнеге көпкө чейин жок болгонун түшүндүргөн эмес, журналисттер менен болгон жолугушуусунда ал «ушак-айыңсыз жашоо кызыксыз боло тургандыгын» гана айткан.